Биз менен байланышыңыз

ХАМАС жана Израиль согушунун үчүнчү күнү: Негизги маалыматтар

Блог | 9 Окт 2023 | 333 | 0
Автор: SCANPIX/AP Photo/Fatima Shbair

Палестина менен Израилдеги соңку кырдаал учурда дүйнөнүн күндеминде турат. Эки тараптын тең абадан соккулары токтой элек. Ал арада эки тараптан тең чоң жоготуулар бар. Учурда Израиль 700 жараны мүрт кеткенин билдирсе, Газа секторунда каза болгондордун саны 400дөн ашты. ХАМАС кыймылы чабуулдун максатын Газа секторун Израилдин көзөмөлүнөн толук чыгаруу үчүн деп билдирди. Ал эми Израиль бийлиги бул чабуулду согуштук аракет катары баалады. АКШ, Улуу Британия баштаган бир катар ири өлкөлөр ХАМАСтын аракетин сындап чыкты. Ал эми Түркия «Газа секторунун эркиндиги үчүн күрөшүү — палестиндердин тарыхый укугу» деп белгиледи. Бир катар өлкөлөр бул кагылыштын түбүндө ири глобалдык согушка айланып кетүү коркунучу бар экенине кабатырланышууда.

ХАМАС кыймылынын Израилге 7-октябрдын таңында жасаган чабуулунан башталган согуштук аракеттерге бүгүн үч күн болду. Азыркы тапта да эки тараптын бири-бирине чабуулу токтой элек.

ХАМАС кыймылы чабуулдун биринчи күнүндө Израилдин бир катар коммуналарын ээлеп, жүздөгөн аскерди барымтага алган.

Израилдин маалыматына караганда, Газа сектору менен чектешкен 7 аймакта согуш уланууда. Чек араны бузуп кирген ХАМАСтын жүздөгөн аскерин жок кылышкан. Газа секторунун өзүндө эле 400дөй адам каза болгон.

Бүгүн түштөн кийин Израиль бийлиги ХАМАС ээлеп алган бардык аймак кайтарылып алынганын, армиянын көзөмөлү орнотулганын жарыялады.

ХАМАС кыймылы 9-октябрга караган түнү Израилдин Ашкелон аймагына жүздөй ракета менен чабуул койгонун билдиришкен. Ага чейин Тель-Авивдин аба майданы тарапка да чабуул койгон.

Ачык булактардагы маалыматтар боюнча, Израиль 48 саат ичинде «Темир кылыч» операциясы үчүн 300 миң запастагы аскерин мобилизациялап үлгүргөн. Айрым маалыматтарда чет өлкөлөрдөгү запастагы аскерлер үчүн чартердик каттамдар уюштурулганы да кабарланууда.

Дүйнө коомчулугу эмне деди?

Дүйнөлүк коомчулук да бул жаңжалга көз салып, ири державалар расмий пикирлерин билдирүүдө. «АКШ президенти Жо Байден Израилге кошумча аскердик жардам берүүгө буйрук берди. Мындан тышкары «Жералд Форд» авиаучагын жана реактив орнотулчу бир канча системасын Израиль менен Палестинанын чек арасына жиберүү чечимин кабыл алган. АКШ муну менен Израилди толук кубаттай турганын демонстрациялоодо», — деп жазат The Wall Street Journal.

Ал эми кечээ, 8-октябрь күнү БУУнун Коопсуздук Кеңеши ХАМАСтын Израилге чабуулунан улам чукул чогулган. Бирок жыйындын соңунда эч кандай баяндама жарыяланган жок. Себеби Коопсуздук Кеңешинин бардык мүчөсү ХАМАСтын аракетин каралаган эмес.

Түркия бийлиги палестин калкы «тарыхый адилеттүүлүк» үчүн күрөшүп жатканын, Газа сектору Палестинаныкы экенин билдирди.

Ал арада араб өлкөлөрү Египет, Кувейт, Ирак, Катар жана Иордания Палестинаны колдоп, алар да Израилдин Газа секторундагы кысымы палестиндердин ушундай кадамга баруусуна түрткү болгонун билдирди. Сауд Арабиянын билдирүүсү тарапсыз болуп, эки жакты тең тынчтыкка чакырды. Ал эми бул араб өлкөлөрүнөн айырмаланып, Бириккен Араб Эмираты ХАМАСтын аракетин каралап, катардагы израилдиктерди барымтага алуу адам укугуна каршы келерин айтып чыккан.

Эми алдыда эмне болот?

Washington Post Израиль алдыдагы 48 сааттын ичинде жер үстүндөгү операциясын башташы мүмкүндүгүн жазды. Израилдин Коргоо министрлиги Газа секторун толук курчоого алууга, аймакка электр, азык-түлүк, күйүүчү май жеткирбөөгө, бардык жолду жабууга буйрук берди.

Эксперттердин басымдуу бөлүгү бул согуш тезинен токтобосо, жалпы Жакынкы Чыгыш чөлкөмүн каптай турганын эскертишүүдө. Ал эми айрым эксперттер ХАМАСтын чабуулунун шылтоосу менен Израиль Газа секторун толук ээлеп алышы мүмкүн экенин айтышат.

Copyright © 2017 Maral FM