Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында дзюдо боюнча эл аралык турнир өтүп жатат

Кыска кабар , Спорт | 8 Окт 2023 | 559 | 0

Ош шаарында дзюдо боюнча IV эл аралык турнир башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Турнирдин ачылышы кечээ, 7-октябрда болуп, ага мэрдин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаты Нурислам Каримов, «Алыш күрөшү» федерациясынын президенти Адилет Баяман уулу, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси Бекдөөлөт Абакиров катышты.

«Кыргыз-Иран достугу» спорт комплексинде өтүп жаткан эл аралык мелдеште улан-кыздар «Сулайман-Тоо» кубогу үчүн күч сынашууда.

Турнирге Орусия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан 7 жаштан 16 жашка чейинки 400дөн ашуун спортчу келген.

Беттештер бүгүн, 8-октябрда жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM