Биз менен байланышыңыз

Нурзат Нуртаева Азия оюндарында күмүш медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 6 Окт 2023 | 552 | 0

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандын балбан кызы Нурзат Нуртаева күмүш медаль алды.

68 кг салмактагы кыргызстандык спортчу чейрек финалдан баштап күрөшүп, алгачкы атаандашы казакстандык Елена Шалыгинаны 8:7 эсинде жеңип алган.

Жарым финалда монголиялык спортчу Делгермаа Енцайцанды 10:8 эсебинде утуп алды.

Финалда кытайлык балбан кыз Фенг Жу менен бет келип, 13:2 эсебинде жеңишти алдырып жиберип, күмүш медаль тагынды.

Азия оюндарында Кыргызстандын капчыгында учурда 4 алтын, 2 күмүш, 8 коло медаль бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM