Connect with us

Орусия Казакстан менен Өзбекстанга газ берүүнү баштайт

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Окт 2023 | 578 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин «Валдай» форумунда кыргызстандык саясат таануучу, экономист Кубат Рахимовдун суроосуна жооп берип жатып, ушул айда Казакстан менен Өзбекстанга газ бериле баштаарын билдирди.

«Ушул жылдын октябрь айында орус газын жеткирүү башталат. Азырынча анча чоң эмес, бирок бул Казакстандын жана Өзбекстандын экономикасы үчүн өтө маанилүү. Жылына 3 миллиард куб метр беребиз, анан көбөйтө алабыз», — деген Владимир Путин.

4-октябрда Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев Казакстан Орусиядан Өзбекстанга газ ташууну октябрдын аягына чейин баштоого ниеттенип жатканын билдирген. Анын айтымында, бул процесс үстүбүздөгү айдын аягында бүткөрүлүшү керек болгон оңдоо иштери аяктагандан кийин башталат.

2022-жылдын ноябрында Орусия Казакстан менен Өзбекстанга «үчтүк газ биримдигин» түзүүнү сунуштаган. 2023-жылдын май айында Казакстан бийлиги Орусиядан Өзбекстанга газ транзити боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн. Июнь айында Өзбекстан Орусия менен 2,8 млрд куб метр газ жеткирүү боюнча эки жылдык келишим түзгөн.

Айта кетсек, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 5-октябрда Орусияга үч күндүк расмий сапар менен барды. Бүгүн, 6-октябрда Владимир Путин менен кездешери Орусия президентинин сайтына жарыяланды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM