Биз менен байланышыңыз

Ош-3023: Шаар тууралуу кандай кызыктарды билесиз?

Блог | 5 Окт 2023 | 467 | 0

Бүгүн, 5-октябрь — Ош шаарынын күнү. «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» атагын алган (2019) Кыргызстандын экинчи борборунун түптөлгөнүнө быйыл 3023 жыл болду. Мындан туура 23 жыл мурун 3000 жылдыгы белгиленип, мамлекеттик деңгээлде майрамдалган. Ушундан улам сиздерге Ош шаары тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз:

1.Ош шаарынын күнү 2000-жылдан бери 5-октябрда белгиленет. Болжолу 30 кылым мурда түптөлгөн калаага 1876-жылы шаар деген расмий макам берилген.

2. Кыргызстандагы шаарлардын ичинен Ош калкынын саны боюнча Бишкектен кийинки экинчи орунда турат. 2021-жылга карата шаардын өзүндө 322 миң 164 адам жашаары катталган. Ошко шаардык администрациядан тышкары 25,6 миң тургуну бар шаар четиндеги 11 айыл-кыштак карайт. Булардын баарын кошо эсептегенде, шаар калкы 500 миңден ашат.

3. Калааны эң көп кыргыз менен өзбек байырлап келет. Андан тышкары орус, түрк, татар, уйгур, тажик, азери жана башка улуттар турактайт.

4. Ош шаары Сулайман-Тоо жана Ак-Буура дарыясы менен атактуу.

5. ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна мүчө мамлекеттердин маданият министрлери 2018-жылдын 18-декабрында өткөн кеңешмесинде «Ош шаарын Түрк дүйнөсүнүн 2019-жылдагы маданий борбору» деп атоо чечимин кабыл алышкан. Анын алкагында 2019-жылы шаарда бир катар иш-чаралар өткөн.

6. Ош шаары туурасындагы баяндарда, уламыштарда үч тарыхый каарман: Сулайман (байыркы Израил падышасы Соломон), Искендер Зулкарнайн (грек падышасы Александр Македонский), Зархеддин Бабур (байыркы Улуу Могол империясынын негиздөөчүсү) көп айтылат.

7. Деңиз деңгээлинен 870-1110 метр бийиктикте жайгашкан.

8. 2000-жылы ошол кездеги мамлекет башчы кол койгон жарлыктын негизинде Ош шаарына «Данакер» ордени берилген.

9. Сулайман-Тоо Ош шаарынын чок ортосунда, Ак-Буура суусунун сол жээгинен орун алган. Узундугу – 3 км, туурасы – 1,5-2 км, деңиз деңгээлинен 1176 м бийикте. Салыштырмалуу бийиктиги 300-350 м. Сулайман-Тоодо улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплекс бар. Тоону кээ бирөөлөр чөккөн төөгө окшоштурушат. Жылына 16-17 миң турист келип турат. Байыркы тарыхый булактарда Сулайман-Тоо XVI кылымга чейин Баракух деген атты алып жүргөнү жазылат. Кыргызстандагы тарыхый жайлардын ичинен биринчи болуп, Сулайман-Тоо 2009-жылы ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине кирген.

10. Тоонун чокусунда Захреддин Бабур курган «Тахты Сулайман» мечити жайгашкан (1963-жылы жардырылып, 1991-жылы сакталып калган материалдардын негизинде кайра курулган).

11. Өлкө эгемендик алгандан бери 13 мэр башкарган. Учурда шаардык адиминистрацияны Бакытбек Жетигенов жетектейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM