Биз менен байланышыңыз

Азия оюндары: Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков финалда

Кыска кабар , Спорт | 4 Окт 2023 | 676 | 0

Бүгүн, 4-октябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдештер башталды. Мелдештин биринчи күнүндө төрт кыргызстандык килемге чыкты.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков оюндун финалына өттү.

Финал бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө болот. Анда Махмудов ирандык Амин Кавиянинежад менен, Шаршенбеков япониялык Аята Сузуки менен беттешет.

Акжол Махмудов Азия оюндарына 77 кг салмак ченинде 4/1 финалдан тарта күрөшүүдө, Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмак категориясында 8/1 финалынан тарта күч сынашууда.

Махмудов буга чейин камбоджиялык, казакстандык спортчуларды жеңди, ал эми Шаршенбеков тажикстандык, кореялык жана өзбекстандык балбандарды артта калтырды.

Ушул күндөрү Азия континентинен 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Ага Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча барган.

24-сентябрда башталган Азия оюндары 8-октябрга чейин уланат.

Дзюдочу Эрлан Шеров Азия чемпиону болду

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM