Биз менен байланышыңыз

«Салык чек». Декабрда Бишкектен 10 батир ойнотулат

Кыска кабар | 3 Окт 2023 | 1946 | 2

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын экинчи этабы башталгандан бери 3 айда катышуучулар «Салык чек» тиркемеси аркылуу 7 млрд сомдон ашык сумманы түзгөн чекти сканерлешти. 

Бул мезгилде 45 миңден ашуун адам лотереяга жаңы кошулуп, бүгүнкү күндө катышуучулардын саны 283 миңден ашты.

Лотереянын катышуучуларына 6,3 млн ашуун ID-номер ыйгарылды.

Салык кызматы кийинки утуштар 25-30-декабрда өтөрүн, анда Бишкектен 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone 14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 21 фен ойнотулат.

Лотереяга катышуу үчүн «Салык чек» тиркемесин жүктөп алуу, каттоодон өтүү жана товарларды же кызматтарды сатып алууда алынган кассалык чектерди сканерлөө жетиштүү.

2 пикир

2 пикир

  1. Гүлзат .

    03.10.2023 19:31

    Чекти сканерлоо эле жетишерлик болобу ?

    • Анарбекова Нурсель

      21.12.2023 10:17

      Уйум жок 23 жыл болот квартирага толоп келем мен чектен 38 билетим бар утсам экен баатир буйруса

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM