Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

Кыска кабар | 3 Окт 2023 | 256 | 0

Бүгүн, 3-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, «Северный» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 3-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсү, Бельский көчөсү, Ала-Арча суусу, Жибек-Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары, ЧЧК, Саадаев көчөсү менен чектешкен аймакта, ошондой эле Красный Строитель, Ак — Тилек, Көлмө, Алтын Бешик, Салам Алик конуштарында ичүүчү суу убактылуу токтотулат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM