Биз менен байланышыңыз

Кочкордо Ормон хандын 230 жылдыгына карата эстелиги ачылды

Кыска кабар | 2 Окт 2023 | 402 | 0

Бүгүн, 2-октябрда Нарын облусунун Кочкор районунун Семиз-Бел айылында өлкөнүн мамлекеттик туусун көтөрүү каадасы жана Ормон хандын 230 жылдыгына карата эстелигинин ачылышы болду. Ага президент Садыр Жапаров катышты.

Ал анда кыргыз тарыхында салмактуу орду бар Ормон хан Ниязбек уулунун XIX кылымда кыргыз урууларын бир хандыкка бириктирүү демилгесин көтөрүп, хан шайланып, жоопкерчиликти өзүнө алганын эске салды.

Бул окуяны кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүүдөгү орчундуу окуя катары кароого болорун, Ормон хандын элдин эгемендиги үчүн жасаган эрдиги татыктуу бааланышы керектигин белгиледи.

Ормон Ниязбек уулу (1792-1854) – кыргыздын сарыбагыш уруусунан көтөрүлгөн ханы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM