Биз менен байланышыңыз

Президент: Кыргыз экономикасында германиялык инвестициясынын көлөмү өсүүдө

Кыска кабар | 29 Сен 2023 | 243 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда Берлин шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушуусуна катышты.

Иш-чарага Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери: Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов катышты.

Жолугушуунун алдында президент Садыр Жапаров «Ардактуу коноктор» китебине жазуу калтырды.

Жыйында президент Садыр Жапаров глобалдык геосаясий өзгөрүүлөрдүн фонунда эл аралык коомчулуктун биздин регионго болгон кызыгуусу кыйла өскөнүнө көңүл бурду. Учурда Орусия, Кытай, Индия, Перс булуңу өлкөлөрү менен аймактык форматта активдүү кызматташтык жүрүүдө.

«Бүгүнкү күндө Борбор Азия туруктуу экономикалык өсүшкө жана өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ динамикалуу өнүгүп жаткан аймак болуп саналат. Ал көптөгөн пайдалуу кендердин түрлөрүнө, суу ресурстарына жана ар түрдүү энергия булактарына бай. Мунун баары саясий декларацияларды кабыл алуу менен эле чектелбестен, мазмундуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзөт», — деди Садыр Жапаров.

Кыргызстан менен Германиянын кызматташтыгы жагынан мамлекет башчысы соңку жылдардагы активдешүүнү белгиледи. Саясий деңгээлде, ошондой эле соода жана экономика тармагында оң динамика бар. Кыргызстандын экономикасына германиялык инвестициясынын көлөмү акырындап өсүүдө. Ошону менен бирге эки тараптуу потенциал али толук пайдаланыла элек. Кыргыз тарап немис ишкерлеринин өлкөнүн экономикасында активдүү катышуусуна ишенет.

Президент Садыр Жапаров биргелешкен күн тартибинин бардык спектри боюнча Борбор Азия жана Германия өнөктөштөрүнүн конструктивдүү жана ачык демилгелерин жактарын белгиледи

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM