Биз менен байланышыңыз

Айтбекова: Кызы көгала койдой сабалып жатса да, ата-энесинен колдоо жок

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2023 | 2437 | 0

Күйөө бала тарабынан кызы көгала койдой сабалып жатса да, ата-эне тарабынан эч кандай колдоо жок. Мындай пикирин журналист, блогер Назира Айтбекова «Маралдын» түз эфиринде билдирди.

«Социалдык баракчаларымда кыз-келиндерден келген каттардын аягы үзүлбөйт. Көпчүлүгү: «күйөөм сабап жатат», «кайненем жерип жатат» же «келгенден бери эле эч нерсем жакпай жатат» деген көйгөйлөр. Ур-токмокко кабылган аялдар: «Кетейин десем, балдарым менен каякка барарымды билбей, чыдап жашап жүрөм», «Билимим же иштеген жумушум жок», «Ата-энем мени кабыл албайт», — деп наалышат. Жакындарынан колдоо жок болгону үчүн башка тараптарга да кайрыла алышпайт. Ал эми милицияда эркектер көп иштегени үчүн бири-бирине түшүнүү менен карап жаткан чыгар. Бирок аялды коргоп, аялды түшүнүп, коркунуч жаралган күндө баш калкалай турган жана психологиялык жардам көрсөткөн жайларыбыз жокко эсе», — деди Айтбекова.

Анын айтымында, көп аял психолог сурап кайрылышат. Бирок чөйрөсүндөгү психологдордун баары өтө кымбат турат. Бир эле жолку кабыл алуусу: 3000 сомдон 150-200 долларга чейин. Бул сумманы карапайым аялзаты төлөй албайт.

«Тилекке каршы, бизге сиңип калган аялды аялдын жек көрүүсү (мизогиния) — коомубузда дагы эле актуалдуу. Ала качуу болсо, «биз да ушинтип келгенбиз», «бизди да ушинтип сабаган, өлбөй эле жашап жатабыз» деп, бири-бирибизди басынтабыз. Элдин көзүнө көрүнгөн адам катары аялзатынын келечегин, укугун коргой баштаганда, кайра эле аялдар тарабынан сындар айтылат. Коомчулукта резонанс жараткан окуялар болгондо да, бири-бирибизди коргоонун ордуна кайра эле өзүбүздү-өзүбүз басмырлаган сөздөрдү айтканыбыз бизди аябай өкүндүрөт», — дейт ал.

Айтбекова ошондой эле аялзатын билимдүү-илимдүү болууга, көп окуп, көп изденүүгө, бири-бирин колдоого, биримдикти күчтөөгө чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM