Биз менен байланышыңыз

Президент Байсалов менен Максүтовго эскертүү берди

Кыска кабар | 27 Сен 2023 | 431 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовго эскертүү берилди.

Бул тууралуу Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, аткаминерлерге эскертүү тапшырылган эмгек милдеттерин жетиштүү аткарбаганы үчүн берилген.

Бул чечим Сербиядан Кыргызстанга кайтып келген күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын байге ээлерин тосуп алууну татыктуу уюштурбагандыгына байланыштуу кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM