Биз менен байланышыңыз

Иракта үйлөнүү той учурунда өрт чыгып, 100дөн ашуун адам көз жумду (cүрөт)

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Сен 2023 | 481 | 0

Ирактын түндүгүндөгү Найнава облусунун Эл-Хамдания шаарында үйлөнүү той учурунда өрт чыгып, 100гө жакын адам каза таап, 150дөй адам жараат алды. Бул тууралуу Ирак маалымат агенттиги сайтына жазды.

Кырсык кечээ, 22-сентябрдын кечинде болгон. Өрттүн чыгуу себептери азырынча тактала элек. Алдын ала божомолдорго караганда, тойдо атылган фейерверктин оту түшүп, тутанып кеткен болушу мүмкүн. Баш кошуп жаткан жубайлардын тирүү экени же көз жумганы айтыла элек.

Ирактын Жарандык коргонуу башкармалыгынын маалыматына караганда, тойкана тез күйө турган, арзан курулуш материалдарынан салынгандыктан, өрт дароо жалбырттап кеткен. Анын кесепетинен үлпөт залдын бир канча бөлүгү урап калган.

Al Arabiya басылмасы өрттөн каза тапкандар 120га жеткенин, жаракат алгандар 200дөн ашканын жазды. Ал эми Кызыл Крест уюму 450 адам жабыркаган болушу мүмкүн экенин божомолдоп жатат.

Ирактын премьер-министри Мухаммед Шиа ал-Судани окуяны кокустук катары баалап, Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Ички иштер министрлигине өрттөн жабыркагандарга ыкчам жардам көрсөтүү тапшырмасын берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM