Биз менен байланышыңыз

Азия оюндарына Жуманазарованын ордуна Нуртаева барат (видео)

Кыска кабар , Спорт | 26 Сен 2023 | 244 | 0

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарына кайсы балбан кыздар барарын башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков журналисттер менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Анын айтымында, Айпери Медет кызынын жарааты жеңил болгондуктан, мелдештер башталганча айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми Мээрим Жуманазарова катуу жараат алгандыктан, анын ордуна Нурзат Нуртаева бара турган болду. Булардан тышкары Айсулуу Тыныбекова да оюндарга катышат.

Айта кетсек, 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Мээрим Жуманазарова 1/8 финалда украиналык балбан менен күрөшүп жатып, колун ооруксунтуп алган. Ал күрөштү жеңгени менен жараатына байланыштуу кийинки беттештерден баш тарткан.

Айпери Медет кызы финалда япониялык балбан кыз менен күрөшүп жатып, бутунан жаракат алып, оюнду мөөнөтүнөн мурда токтотууга аргасыз болгон.

2023-жылдагы Азия оюндары Кытайдын Ханчжоу шаарында 23-сентябрда башталган. Күрөш боюнча беттештер 30-сентябрдан 2-октябрга чейин өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM