Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында 3-орунду ээледи

Кыска кабар , Спорт | 24 Сен 2023 | 366 | 0

Кыргызстан Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында командалык эсепте 3-орунду ээледи.

Кыргызстандык спортчулар өлкөнүн капчыгына 5 медаль алып келишти.

Алтын медалды Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков, күмүш медалды Айпери Медет кызы, ал эми коло медалды Тайырбек Жумашбек уулу жеңип алды.

Азыркы учурда Кыргызстанда Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышуу үчүн 5 медаль бар — Айпери Медет кызы и Айсулуу Тыныбекова (аялдар күрөшү), Денис Петрашов (сууда сүзүү), Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM