Биз менен байланышыңыз

Жоламан Шаршенбеков экинчи жолу Дүйнө чемпиону болду

Кыска кабар , Спорт | 23 Сен 2023 | 526 | 0

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков алтын медаль үчүн болгон беттеште жапониялык Фумита Кеничирону 11:6 эсебинде утуп, экинчи жолу Дүйнө чемпиону болду.

Жоламан Шаршенбеков алгачкы беттешинде литвалык Юстас Петравичусту 10:2 эсебинде, экинчи беттеште грузиялык Придон Абуладзени 9:0 эсебинде, чейрек финалда өзбекстандык Исломжон Бахрамовду 10:0 эсебинде утуп алган.

Муну менен Кыргызстандын спортчулары 2024-жылы Париже өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына бешинчи жолдомону багындырышты. Буга чейин суучул Денис Петрашов, балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов жолдомо алган.

Жоламан Шаршенбеков 24 жашта. Ал ушуну менен Дүйнө чемпионатынын финалына 4-жолу чыгып жатат. Буга чейин эки жолу күмүш (2018-ж., 2021-ж.), бир жолу алтын медал тагынган (2022-ж). Азиянын эки жолку чемпиону. Уландар жана жаштар арасында Азия жана Дүйнө чемпионаттарынын байге ээси.

16-сентябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 24-сентябрга чейин уланат. Бул жолку мелдештин өзгөчөлүгү алтын, күмүш жана коло байге алгандардын бирине 2024-жылы өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо берилет.

Париж-2024 Олимпиадасына буга чейин Кыргызстандан суучул Денис Петрашов, балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жолдомо алган.

Copyright © 2017 Maral FM