Биз менен байланышыңыз

Акжол Махмудов экинчи жолу Дүйнө чемпиону болду

Кыска кабар , Спорт | 22 Сен 2023 | 919 | 0

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов алтын медаль үчүн болгон беттеште азербайжандык Санан Сулеймановду утуп, экинчи жолу Дүйнө чемпиону аталды.

77 кг салмакта күч сынашкан Акжол Махмудов алгач 1/16 беттеште норвегиялык Пер Андерс Курени 4:3 эсебинде, 1/8 беттеште египеттик Мохаммед Захаб Халилди 9:0 эсебинде, чейрек финалда өзбекстандык Арам Варданянды 6:0 эсебинде утуп алган.

Жарым финалда жапониялык Нао Кусаканы 7:5 эсебинде жеңип, 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

24 жаштагы Акжол Махмудов Токио-2020 жайкы Олимпиада оюндарында күмүш медаль алган. Андан тышкары үч жолу (Бишкек-2018, Улан-Батор-2022, Астана-2023) Азиянын, бир жолу (Белград-2022) Дүйнөнүн чемпиону болгон.

16-сентябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 24-сентябрга чейин уланат. Бул жолку мелдештин өзгөчөлүгү алтын, күмүш жана коло байге алгандардын бирине 2024-жылы өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо берилет.

Париж-2024 Олимпиадасына буга чейин Кыргызстандан суучул Денис Петрашов, балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жолдомо алган.

Copyright © 2017 Maral FM