Биз менен байланышыңыз

Жоламан Шаршенбеков Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Кыска кабар , Спорт | 22 Сен 2023 | 402 | 0

Кыргызстандын дагы бир балбаны Жоламан Шаршенбеков жарым финалда Ирандын балбаны Мохсен Нежадды 4:3 эсебинде утуп, жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алды.

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине грек-рим күрөшүнөн 60 кг салмакта күч сынашкан Жоламан Шаршенбеков алгачкы беттешинде литвалык Юстас Петравичусту 10:2 эсебинде, экинчи беттеште грузиялык Придон Абуладзени 9:0 эсебинде, чейрек финалда өзбекстандык Исломжон Бахрамовду 10:0 эсебинде утуп алган.

Муну менен Кыргызстандын спортчулары 2024-жылы Париже өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына бешинчи жолдомону багындырышты. Буга чейин суучул Денис Петрашов, балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов жолдомо алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM