Биз менен байланышыңыз

Бишкектин кышка даярдыгы: Отканалар толук газга өткөрүлдү

Коом | 22 Сен 2023 | 286 | 0

Бишкек шаарындагы ыш маселесин жоюу үчүн шаар карамагындагы 22 откана газ менен иштөөгө өткөрүлдү. Бул тууралуу борбордун мэри Эмилбек Абдыкадыров пресс-тур учурунда билдирди. Анда калаа башчысы жана тиешелүү жетекчилер шаарда жасалып жаткан иштер, алдыда жасала турган пландарын айтып беришти.

Бишкек шаарында жыл сайын күз-кыш мезгилинде ыш маселеси көтөрүлөт. Ыштын пайда болуусуна айрымдар Бишкек ЖЭБин күнөөлөсө, айрымдары унаалардын көптүгүн, жаңы конуштардагы көмүр жаккандарды күнөөлөп келет.

Мэрия бул маселени чечүү максатында шаардын карамагындагы билим берүү мекемелериндеги отказандарды газга өткөрдү. Буга чейин ал отканаларга жыл сайын 3 миң 600 тонна көмүр жагылып келгенин Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев айтты.

«Былтыркы жылы борбор калаа Бишкекте ыш маселеси күч болгон. Ошол маселени жоюу максатында Бишкек шаарынын карамагында болгон бардык отказандарды газ жана электр энергиясына өткөрдүк. Муну менен Бишкек шаары 3600 тонна көмүрдөн баш тартты. Буга чейин 22 мектеп көмүр менен жылытылып келген. Негизги максат: абаны тазалоо, ыш маселесин жөнгө салуу жана көмүрдөн баш тартуу. Учурда Бишкек шаарында газдаштыруу маселеси дагы деле уланууда. Шаар четиндеги 9 жаңы конушка газ киргизилди, жалпысынан алганда, 5400 үйгө газ кирди». 

Борбордун мэри Эмилбек Абдыкадыровдун айтымында, план боюнча Бишкектеги отказандарды газга жылына төрттөн гана өткөрүп жүрүп отуруу каралган. Бирок бюджеттен кошумча каражат бөлүнүп, баарын ушул жылы эле өткөрүүгө жетишишкен.

«Негизи бул жылкы планга төрт эле отказанды газга өткөрүү киргизилген. Буюджеттен кошумча акча бөлдүрүп, Бишкек шаарында көмүр менен иштеген бардык отказанды газга өткөрдүк. Жабдуулардын баары Түркиядан алып келинди, баасы арзан, сапаты жакшы. Ал эми төрт жаңы конушта газ жок болгонуна байланыштуу ал жакты электр энергиясына өткөрдүк, газ баргандан кийин аларды да газга өткөрөбүз».

Бишкек шаарындагы негизги көйгөйлөрдүн бири — тротуар. Ушул жылы «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы аркылуу 22 көчөнүн жалпы узундугу 30,2 чакырымды түзгөн тротуары капиталдык оңдоодон өткөн. Мындан тышкары 454 543,76 миң сом кошумча каражат бөлүнүп, узундугу 57,33 км болгон 21 тротуар да быйылкы планга киргизилгенин вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди.

«Бишкек шаарында 42 көчөдөгү тротуарларга асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Жалпысынан алганда жыл аягына чейин 85 чакырымга жакын тротуарга асфальт төшөлөт. План боюнча 21 көчө быйыл жасалмак, дагы 500 миллионго жакын кошумча каражат коштуруп, 21 көчөнү да жасатып жатабыз. 1-октябрга чейин 21 көчө толугу менен бүткөрүлөт».

Шаардын борборундагы тротуарларды оңдоо боюнча айрым тилкелер дээрлик 70%, калгандары кызыл сызыктан чыгып кеткен имараттарды демонтаждоодон улам 30% гана бүткөрүлүп, мөөнөттөрү өзгөрүлгөнү белгилүү болду.

Дагы бир вице-мэр Нурдан Отунтаевдин айтымында, шаардагы бардык аялдама заманбап стилде өзгөрөт. Аялдаманын узундугу 13 метр болуп, кышында жылуу, жайында салкын болуп, жүргүнчүлөр эс алуучу жай да болот. Ар бир аялдамага 10-12 миң доллардын тегерегинде акча сарпталууда.

«Бишкек шаарында жаңы, заманбап төрт аялдама толук бүтүп, муниципалитеттин карамагына өткөрүлдү. Учурда дагы жети аялдаманын курулушу жүрүүдө. Андан сырткары дагы беш аялдама куруу боюнча коммерциялык тараптардан сунуштар түшүүдө. Бул аялдамаларды курууга мэриянын буюджетинен каражат бөлүнгөн жок, бардык чыгымды ижарачылар төлөп жатат. Бир аялдама 10-12 миң доллардын тегерегинде бааланууда. Аялдамада атайын бөлүк болуп, кышында жылуу, жайында салкын болот. Буга чейин эски аялдамаларда жарнамага гана орун болсо, эми жаңы аялдамаларга банкоматтарды, терминал, кофе-машинкаларды коюуга мүмкүнчүлүк болот».

Ошондой эле Орунтаев шаардагы негизги көчөлөргө аялдамалар биринчи орнотуларын кошумчалады.

Бишкек мэриясы бүгүнкү пресс-тур учурунда Бишкектеги «Сары-Өзөн» жашылча базары да шаар сыртына көчүрүлөрүн, коомдук транспорттун жол киресин 20-22 сомго көтөрүү талкууланып жатканын маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM