Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик органдар социалдык тармактарда кайсы тилде иш жүргүзөт?

Блог | 23 Сен 2023 | 428 | 0

Азыркы ааламдашкан доордо, маалыматтарды жайылтууда мамлекеттик мекемелер, министрликтер, өкмөт баш болуп, социалдык тармактарды колдонот. Ошол социалдык тармактарды колдонууда мамлекеттик органдар кайсы тилге басым жасайт? Алардын расмий баракчаларынын аталыштары кандай жазылганына кызыгып көрдүк.

Мамлекет башчынын маалыматтык саясатын жайылткан каражаттардын бири — «Фейсбук» социалдык тармагындагы верификациядан өткөн баракча.  Анын аталышы орус тилинде «Администрация Президента КР» деп турат.

Президенттин маалыматтык саясатын жүргүзгөн бул баракчада билдирүүлөр кыргыз жана орус тилинде чыгат. Эки тилдеги текст дайыма бир убакта жарыяланат. Ошол эле учурда кыргыз тилиндеги маалымат биринчи коюлуп, орус тилиндеги котормосу андан кийин коюлат.

Андан ары Министрлер кабинетинин иш-чараларын чагылдырган социалдык тармактагы баракча «Кыргыз Өкмөтү» деп аталат. «Фейсбук» социалдык тармагындагы бул баракча да верификациядан өткөн. Маалыматтар кыргыз жана орус тилдеринде жазылат. Көп учурда орус тилиндеги маалымат биринчи берилип, кыргыз тилиндеги маалымат кечирээк чыгат.

Эми министрликтердин «Фейсбуктагы» баракчаларынын аталыштарына көз чаптырып көрөлү:

«Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги». Аталыш кыргызча жазылганы менен «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери» сакталган эмес. Эреженин VI бөлүмүнүн 67-§ына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги» деп жазылышы керек эле. Бул баракчада да маалыматтар эки тилде жарыяланып келет. Көп учурда эки тилдегисин бир эле постко жайгаштырышса, айрым учурларда эки башка пост менен беришет.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин расмий баракчасында маалыматтардын басымдуу көпчүлүгү кыргыз тилинде жарыяланат.

Айыл чарба министрлигинин баракчасы да социалдык тармакта эки тилде иш алып барат.

Билим берүү жана илим министрлиги да «Фейсбукта» эки тилде маалымат жарыялап келет.

«Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги». Бул жерде да жогоруда айтылган эреже одоно бузулган. Тактап айтканда, «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги» деп жазуу эрежеде так-даана көрсөтүлүп турат. Бул баракчада да маалыматты кыргыз жана орус тилдеринде бирдей убакытта жарыялайт.

«Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин расмий жаңылыктары» баракчасы министр алмашкандан бери көпчүлүк постторун кыргыз тилинде жарыялап келишет. Расмий тил дээрлик колдонула бербейт.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин баракчасында да мамлекеттик тилде жана расмий тилдеги маалыматтар бирдей жарыяланып турат.

Энергетика министрлиги да социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыргыз жана орус тилдеринде маалымат берип келет.

«Коргоо министрлиги/Министерство обороны Кыргызской Республики» баракчасынан да эки тилдеги маалыматтарды көрүүгө болот.

«Ички иштер министрлиги/Министерство внутренних дел» баракчасы да маалыматтарды эки тилде бирдей берет. Өзгөчөлүгү, башка мекемелер мамлекеттик жана расмий тилдегисин бир эле постко жайгаштырса, бул баракчада эки тилдегисин эки башка пост менен беришет.

«Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы» баракчасында посттор эки тилде жарыяланат. Бул баракча да эки тилдегисин эки башка пост менен берет.

«КРнын Жогорку Соту» баракчасында да маалыматтар да эки тилде бирдей жарыяланат.

Социалдык тармактагы расмий баракчасынын аталышы орус тилинде жазылган министрликтердин бири — Өзгөчө кырдаалдар министрлиги. Фейсбукта «МЧС Кыргызстана» деп катталган. Бул баракча маалыматтарды кыргыз жана орус тилинде жарыялап келет.

Президенттин алдындагы инвестиция боюнча улуттук агенттик «Национальное агентство по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики» деп каттоодон өткөн. Маалыматтар эки тилде берилет. Биринчи орус тилиндеги текст коюлат.

Шаардын жаңылыктарын, маанилүү маалыматтарды тараткан баракча Фейсбукта «Бишкек шаарынын мэриясы/Мэрия города Бишкек» деп катталган. Алгач мамлекеттик тилде, ошонун эле астына расмий тилде маалымат беришет.

Андан ары аймактардагы мамлекеттик органдардын аталышын карай турган болсок, Ош шаары Фейсбукта «Ош шаарынын мэриясы» деп катталган.

Ал эми бир катар чакан шаарлардын расмий баракчалары көпчүлүгү орусча аталышта жазылган.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүктөрүнүн расмий баракчалары дээрлик баары кыргыз тилинде аталган.

Жыйынтыктап айтканда, көпчүлүк мамлекеттик органдар социалдык тармактагы аталыштарын кыргызчага өзгөрткөн же жаңыдан кыргыз тилинде баракча ачкан учурлары да бар. Ал эми маалыматты таратууда кыргыз жана орус тилдери бирдей колдонулуп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM