Биз менен байланышыңыз

23-сентябрдын аба ырайы

Кыска кабар | 22 Сен 2023 | 229 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 23-сентябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16,

Нарында түнкүсүн үшүк түшөт, +1…+6, күндүз +11…+16.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +19…+21.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM