Биз менен байланышыңыз

«Баланы өз тилинде тарбиялоо — ата-эненин айныксыз милдети»

Блог | 23 Сен 2023 | 553 | 0

Жыл өткөн сайын чет өлкөдө үй-бүлөсү менен жашап иштеген кыргыздардын катары арбый баштады. Алардын көпчүлүгү балдары эне тилин унутуп баратканын айтышат. Чет жерде жүргөн кыргыздар бул көйгөй менен кантип күрөшөт?

Таалай Бекмурзаев Бангладештин Дакы шаарындагы «Үмүт» эл аралык мектебинде эмгектенип, үй-бүлөсү менен ошол шаарда турганына бир нече жыл болду. Ал уулунун кыргыз тилин унутуп калбашы, эне тилинде эркин сүйлөшү үчүн бардык аракетин жумшап келет. Баласынын кыргыз тилинде ойлонуп, эркин сүйлөөсү үчүн кандай ыкмаларды колдонот? Кантип үйрөтөт? Бул суроолорго жооп алуу үчүн Таалай Бекмурзаев менен маектештик.

«Балам эне тилин унутуп калбасын» деп, бардык аракетимди жумшап келем 

Жыйырма үч жылдан бери мугалимдик кесипти аркалайм. Өзүмдү патриотмун деп эсептейм. Кыргыз тилин өнүктүрүүгө болгон милдетимди жогору баалайм. Үй-бүлөмдө кыргыз тилинде сүйлөшүүнү каалайм. Кыздарым кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөшөт. Уулум орус тилдүү бала бакчага барганы үчүн бир аз кыйналчу. Бангладешке келгенден кийин өлкөбүзгө болгон сүйүүбүз, сагынычыбыз артып, жерибиздин баркы сезиле баштады. Чет өлкөдө жүргөндөрдүн баарында ушундай сезим болсо керек. Кыргыз тилине кайрадан көңүл буруу керектигин, балам ушул бойдон кетсе, кыргыз тилинде сүйлөй албай калышы мүмкүн экенин эске алып, өз тилинде сүйлөөгө мажбурлап, же көңүлүн алып болсо да, аракет кылып жатабыз. Мектепте бардык сабакты англис тилинде окуйт. Бирок үйгө келгенде кыргыз тилинде сүйлөшөбүз. Кээде орус тили кошулуп кетет, бирок ошол сөздүн кыргызча котормосун, маанисин тапканга аракет кылабыз. Өзүм тилчи болгондуктан, көбүнчө тажрыйбага маани берем. Себеби тажрыйбасыз бул иш оңою менен жүзөгө ашпайт. Ошондуктан көбүнчө оозеки сүйлөшөбүз. Кыргызча китептерди ала келгенбиз. Кайра-кайра окута берем. Сөздөрдүн маанисин сурайм. Англисчесин айтса, кыргызчасын сурайм. Азыр эне тилинде эркин сүйлөп калды. Ушундай ыкмалар менен иштеп жатабыз.

Чет өлкөдө жүргөндө тилди унутуп калуу коркунучу бар

Чет өлкөдө жүргөндө тилди унутуп калуу коркунучу бар. Үйдөгү карым-катыш кыргыз тилинде болбосо, балдар оңой эле унутат. Себеби 8-9 саат мектепте болушат. Чөйрөсү башка тилде сүйлөгөнү үчүн алар да ошол тилде ойлонуп, сүйлөп калышат. Эгер үйдө да кыргыз тилине көңүл бурулбаса, кыргыз тилинде сүйлөшпөсө, кыргыз тилинде китеп окуп, кино көрбөсө, балдар өз тилинен алыс калат.

Балага эне тилин үйрөтүү милдети ата-энеге жүктөлгөн

Кайсы жакта болбосун, ата-энеге баласына жакшы тарбия берүү милдети жүктөлгөн. Алардын бири тилибизди сүйдүрүү, сүйлөй билүүнү үйрөтүү болуп саналат. Бул баарыбыздын аң-сезимибизде жашайт, бирок жашоодо да ишке ашырсак жакшы болот. Тил – нарк-насил, үрп-адат, каада-салттын, тарыхтын жана келечектин чоң казынасы. Ошол эле берип жаткан тарбиябыздын да уңгусу, мааниси тилдин ичинде болгондугу үчүн балдарды өз тилинде сүйлөөгө үндөөнү да максат кылуу керек.

Баланы шыктандыруу үчүн мактап, колдоп, белек берип туруу да ашыкчалык кылбайт  

Балдарыбыз кыргыз тилинде сүйлөгөндө дайыма мактап, колдоп турушубуз керек. Керек болсо бул үчүн белек берүү да ашыкчалык кылбайт. Тил өзүбүздүкү экенин туюндуруп, тартып турсак, балдар бат эле ойгонот. Баламдын тили төрт жашына чейин кыргызча так чыкты. Үй-бүлөлүк маселелерге байланыштуу «орусча түшүнбөй калбасын» деп, орус тилдүү бала бакчага которгонбуз. Бул балам үчүн пайдалуу да, жаңылыштык да болду. Бара-бара орус тилинде гана сүйлөп, ойлонуп калды. Ошол эле учурда интернеттен алган маалыматтары да орус тилинде болгону үчүн Кыргызстан жөнүндө эч нерсе үйрөнбөй, Орусия, СССР тууралуу, башкача айтканда, көзөмөлдөнбөй калган учурда каалабаган нерселерди орус тилинде үйрөнө баштады. Анан чочулай баштадык. «Бул кетиши менен «орус мүнөз» болуп, Мекенине, улуттук баалуулуктарына кайдыгер карап калбасын» деген коркунуч менен кыргыз тилин кайрадан жандандыруу максат кылдык. Учурда жакшы жылыштар бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM