Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова үчүнчү жолу Дүйнө чемпиону болду

Кыска кабар , Спорт | 22 Сен 2023 | 1225 | 0

Айсулуу Тыныбекова алтын медаль үчүн болгон беттеште япониялык Сакура Мотокини 4:1 эсебинде утуп, Дүйнөнүн үч жолку чемпиону аталды.

62 кг салмакта күч сынашкан Кыргызстандын балбан кызы алгачкы беттешинде польшалык Александра Вольчинсканын да, андан кийин молдовалык Мариана Чердиваранын да далысын килемге басып, мөөнөтүнөн мурда утуп алган. Чейрек финалда украиналык Ирина Коляденкону 2:2 эсебинде утуп, жарым финалга өткөн.

Жарым финалда германиялык Луиза Ниемешти 4:2 эсебинде жеңип, алтын медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Эскерте кетсек, аталган мелдеште 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда.

Учурда Кыргызстандын эсебинде жалпы төрт жолдомо бар. Буга чейин суучул Денис Петрашов, балбан кыз Айпери Медет кызы, грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында беш жолу (Бангкок-2016, Нью-Дели-2017, Сиань-2019, Алматы-2021, Астана-2023), Дүйнө чемпионатында эки жолу (Нур-Султан-2019, Осло-2021) алтын медаль, Токио-2020 жайкы Олимпиада оюндарында күмүш медаль алган.

Copyright © 2017 Maral FM