Биз менен байланышыңыз

Акжол Махмудов Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Кыска кабар , Спорт | 21 Сен 2023 | 420 | 0

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, аны менен бирге Олимпиада оюндарына жолдомо алды. 

Дүйнө биринчилигине Махмудов 77 кг чейинки салмак ченинде катышып, 1/16 финалдык баскычтан тарта күч сынашууда. 

Махмудов аталган мелдеште норвегиялык, египеттик, өзбекстандык балбандарды утуп, жарым финалга чыккан. 

Ал эми жарым финалдык беттеште япониялык спортчу Нао Кусака менен күч сынашып, аны 7:5 эсебинде жеңди.

Эскерте кетсек, аталган мелдеште 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда. 

Учурда Кыргызстандын эсебинде жалпы төрт жолдомо бар. Буга чейин суучул Денис Петрашов, балбан кыздар Айпери Медет кызы менен Айсулуу Тыныбекова да жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

Айта кетсек, Дүйнө чемпионатында кечээ Айпери Медет кызы күмүш медаль тагынды. Ал эми Айсулуу Тыныбекова бүгүн алтын медаль үчүн япон кыз Сакура Мотоки менен күрөшөт. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM