Биз менен байланышыңыз

Кадыркулов: Кулпунай өстүрүүдө Италиянын деңгээлине жете алдык

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Сен 2023 | 692 | 0

Кулпунай өстүрүүдө Италиянын деңгээлине жете алдык. Бул тууралуу «Клубника Кыргызстан» агрокомплексинин негиздөөчүсү Алишер Кадыркулов «Маралдын» эфиринде билдирди.

«Биз мөмө-жемиш боюнча акыркы беш жылда дүйнөдөгү эң алдыңкы мамлекеттерге кирсек болот. Себеби 15 жылдан 3 жылдын ичинде 400 гектарга чыккан бир да мамлекет болбоптур. Бул жөнүндө Италия менен 2021-жылы сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө бизди 1945-жылдарда калганыбызды айткан болчу. Жакын арада алар бизге келип, үч жылдын ичинде Италиянын деңгээлине жете турган акыбалда экенибизди айтышты», — дейт Кадыркулов.

Анын айтымында, Кыргызстан алдыңкы 3-4 жылдын ичинде миңдеген гектар жерге кулпунай өстүрүүнү пландап жатат. Өлкөбүздө өстүрүлгөн кулпунайлардын өзгөчөлүгү: тоолуу аймакта күн-түндөгү градус кыйла эле айырмаланып тургандыктан, ошол учурда даамы да өзгөрөт.

«Орто Азиянын ичинен Кыргызстандын мөмө-жемиш өстүрүүдөгү мүмкүнчүлүгү эң  жогорку деңгээлде. Коңшу мамлекеттердин биринде катуу ысык болсо, бири чөлдө жайгашып калган. Биздин өлкө тоолуу аймак болгондуктан бири-бирине атаандаштык жаратпайт. Ош, Баткен жана Жалал-Абадагы кулпунайлар бышып бүткөндө, Чүйдөгү кулпунайлар тапка кирет. Ал эми Чүйдөгү бүткөндө, Таластын Бакай-Ата району, Ысык-Көл облусунда даяр болуп калат. Биз бир мамлекет менен келишим түзө турган болсок, алты ай бою жөнөтүп турганга мүмкүнчүлүк бар», — деп кошумчалады ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM