Финансы министрлиги 2023-жылдын 8 айына карата Ош облусуна мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган каражаттар боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, бул аралыкта облус боюнча бюджеттер аралык трансферттер катары 777,4 млн сом каражат бөлүнгөн, алар:
- Теңдөөчү трансферт — 627,1 млн сом;
- Ыйгарым укуктарды берүүгө -46,3 млн сом;
- Электр энергиясына болгон 50% кенемтеге — 16,3 млн сом;
- Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга — 19,2 млн сом;
- Айыл өкмөттөрдүн башкы планына- 68,5 млн сом,
Мындан тышкары капиталдык салымдар беренеси боюнча 211 объектиге 1,18 млрд сом бөлүндү.