Биз менен байланышыңыз

Тоолуу Карабахтагы аскердик операция: Азыр эмнелер маалым?

Блог | 20 Сен 2023 | 209 | 0

Азербайжандын Тоолуу Карабахта баштаган антитеррордук операцияларына нааразычылык билдирген армениялыктар кечээ, 19-ноябрда борбор калаа Еревандагы өкмөт үйүнүн алдында массалык митинг баштады. Башаламандыктар учурунда 34 киши жаракат алды.

Армениянын Саламаттыкты сактоо министрлиги нараазычылык акциясы учурунда 34 киши жаракат алганын, анын ичинен 16сы полиция кызматкери экенин билдирди.

Нараазычылык акциясына чыккандар менен полиция ортосунда тирешүү пайда болуп, натыйжада башаламандык орун алган. Ал ортодо протестанттар өкмөт үйүнө жакын жерлерге чатырларды тигип, нараазычылык акциясы бир канча күнгө созулушу мүмкүндүгүн айтууда.

Тоолуу Карабахтагы операция

Кечээ, 19-сентябрда Азербайжан Карабахта «антитеррордук операция» жарыялап, анда учурда Тоолуу Карабах аймагынан армян аскерлерин чыгарып кетүүнү, жана аймакта «режим өзгөрө» турганын талап кылган. Ал эми Ереван Тоолуу Карабахта армян аскер күчтөрү жок экенин айтып, Азербайжан «этникалык тазалоо» жүргүзүп жатат деп айыптап чыкты.

Тоолуу Карабахта талаштуу аймактарды Орусиянын тынчтык миссиясы көзөмөлдөп турган, армян бийлиги учурда Орусиянын тынчтык күчтөрү чара көрүшү керек деп билдирүү таратты.

Орусия, Евробиримдик жана АКШ, Түркиянын реакциясы

Кремль Азербайжанды да, Арменияны да кан төгүүнүн алдын алууга дипломатиялык сүйлөшүүлөргө кайтууну жана тынчтык миссиясынын коопсуздугун камсыздоого  чакырды. Евробиримдик аскердик аракеттердин башталышын айыптаса, АКШ аскердик аракеттерди тезинен токтотууга чакырды. Түркиянын президенти Эрдоган БУУнун Ассамблеясында сөз сүйлөп, анда Азербайжандын аракетин колдой турганын, Тоолуу Карабах толугу менен Азербайжандыкы деп тааный турганын жарыялады.

Тоолуу Карабах талашынын тарыхы

Тоолуу Карабахта 2022-жылы азербайжандык активисттер Лачын коридорун тосуп койгон. Бул коридор Армения менен Тоолуу Карабахты байланыштырып турган жалгыз жол болчу.

Өткөн жылдын жазында Азербайжан Лачын коридоруна көзөмөл өткөрүү пунктун курган. Бул карабахтык армяндар үчүн абалды дагы да кыйындаткан. Алар Арменияга кеңири кирип чыгууга тоскоолдук жаралганына нараазы болгон. Азербайжан Тоолуу Карабахтын армяндар жашаган аймактарына жүк жеткирүүгө эч кандай тоскоолдук жаралбаганын айтып, Лачын коридору жана Агдам району аркылуу өткөнгө уруксат берилгенин айткан.

Тоолуу Карабах чыры 1988-жылдан бери уланып келет. Анда эки негизги баскыч бар — Армениянын жеңиши менен аяктаган Биринчи Карабах согушу (1992-94), экинчиси Азербайжандын жеңиши менен аяктаган Карабах согушу (2020). Анда Азербайжан аймактын дээрлик 70%ына көзөмөлдү орнотуп, армян тилинен коюлган бир катар жер-суу аттарын тарыхый аталышына кайтарган. Анын бири азыркы Шуша шаары. Шушада 2 жылдан бери түрк маданияттарына байланыштуу ири фестиваль жана иш-чаралар өткөрүлүп келет.

Армения да, Азербайжан да Тоолуу Карабахты өз аймагы деп доомат коюп келет. Аталган аймакта азербайжан жана армян улуттары жашайт.

Тоолуу Карабахтагы эки согуштун айынан эки тараптын жоготууларын кошкондо 32 миң адам каза тапкан. Дагы миңдеген адамдар дайынсыз жоголгон.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM