Биз менен байланышыңыз

«Маралдын» каарманы, чек арачы Дастан Шарипов үйлүү болду

Кыска кабар | 19 Сен 2023 | 411 | 0

Бүгүн, 19-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылдын 16-сентябрында болгон кыргыз-тажик чек ара жаңжалында бир бутунан айрылган Дастан Шариповго Бишкек шаарынан үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

УКМК төрагасы согуштук аракеттерде эрдикти жана духту көрсөткөн уулду тарбиялап өстүргөн Дастан Шариповдун ата-энесине терең ыраазычылык билдирип, чек арачынын эрдиги өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү экенин белгиледи. Ошондой эле Ташиев согуштук аракеттерге катышкан баатырлардын эмгегин мамлекет эч качан унутпай турганын кошумчалады.

Дастан Шарипов: Уруксат берсе, азыр деле барып, чек ара кайтармакмын

Айта кетсек, 2022-жылы 14-сентябрдан 17-сентябрда болгон кыргыз-тажик чек ара жаңжалында Тажикстан аскерлери аткан миномёт жарылып, чек арачы Дастан Шариповдун оң бутун жулуп кеткен. Андан тышкары сол бутун күйүк чарпып, денесине октун чачырандылары тийген.

Дастан Шарипов «Маралдын» кабарчысына бир катар көйгөйлөрүн айтып берген. Анын ичинде батирден батир жалдап көчүп жүрүү кыйынга туруп жатканын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM