Бир жыл мурда Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасында орун алган каргашалуу окуяда Дастан Шарипов бир бутунан айрылган. Биз жарадар болгон чек арачы менен маектешүүгө барганыбызда, ал үчүнчү топтогу майып экенине карабай, уруксат берилсе, кайра кызматына кетүүгө даяр экенин айтып, аскердеги күндөрүн сагынарын билдирди.
Курулдуу кагылыш болгон учурда Дастан Шарипов аскерден кийин атайын келишимдин негизинде кызмат өтөп жаткан. Ал кандуу калабаны мындайча эскерди:
«Ал күн дале эсимде, 14-сентябрда башталды. Мен кызматым боюнча улук пулемётчумун. Бизге маалымат келип түштү, командирдин буйругу менен даярданып алып, аскер унаасына бардык. Дубалдын артында турганбыз, бир аз убакыт өткөн соң, кокусунан жарылуу болду, өзүм да түшүнбөй калдым. Оң жактан келгендей болду, акырын жылайын десем, белден ылдый иштебей калды, көрсө оң бутум жулунуп, денеме минанын чачырандылары кирип кетиптир. Жан таттуу экен да, он метрдей жылдым. Ошол жерден Кудай өзү жөнөттү окшойт, дагы бир аскер келип калды. Бутуман кан куюлуп, бүт тулкум муздап, аябай алсырай баштадым. Заставадан өткөндөн кийин миномёт түштү. Аябай катуу жарылды, ошол замат кадимкидей энемдин элеси көзүмө көрүндү. «Жашоо ушуну менен бүттү го?» деп ойлодум, бирок ичер суум түгөнө элек экен. Унаада кетип бара жатканым эсимде, калганын эстей албайм. Ошентип Кулундунун ооруканасынан ойгондум. Көзүмдү ачып эле жубайым менен баламды сураптырмын».
Атышуу башталганда чек арачынын жубайы Үмүт Мурат кызы наристесин көтөрүп, коңшу бөлмөдө жашаган дагы бир чек арачынын үй-бүлөсү менен кошо жүгөрү аралай качкан. Жанындагы келиндин төрөгөнүнө жыйырма эле күн болгон. Ошондон бери Үмүт жубайына камкор мамиле жасап, бири-бирине арка-жөлөк болуп, кыйынчылыкты бирге жеңип келе жатышат. Каргашалуу окуя Дастан Шариповдун ден соолугуна эле зыянын тийгизбестен, психологиялык да сокку уруп, өмүрлөшүнө кол көтөрүп алган учурлары болгон.
«Бутуман ажырап ооруканада жатканда жан дүйнөм кысылып, көкүрөгүмө бир нерсе толуп калгандай болуп, бир күнү чыдабай озондоп ыйладым. Ушундай ыйлап, жеңилдеп алдым. Психологиялык таасири жаман экен. Анын айынан жубайыма кол көтөргөнгө чейин бардым, бирок өзүм билбей калып жаттым. Атайын дары ичип дарыландым, азыр жакшы. Азыр мурдагыдай эмесмин, ачуум бат келет болбой эле, бирок өзүмдү кармап жатам».
Жаракат алгандан кийин өкмөт дары-дармегин камсыздап, кийме бут (протез) алып беришкен. Каражаттын тартыштыгынан андан бери дарыгерге бара элек. Жубайы учурда мектепте иштейт. Алдыда документтерин чогултуп, пенсияга чыгат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «үчүнчү топтогу майыптыкты беребиз» дешкен. Мурдагы чек арачы экинчи топтогу майыптыкты алса, каржы жагынан жардам болобу деп ойлогон. Тилекке каршы, ою ишке ашпай калды.
«Суук болорун синоптиктердей эле билип калдым. Бутум ошол учурда катуу ооруп баштайт. Ооруканага убагы менен барып туруу керек негизи, бирок эки ай болду айлык албай калганыма. Ошондон бери тыйын тартыш болуп, бара элекмин. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эле кармап жатат. «Экинчи топтогу майыптыкка туура келбейсиң, үчүнчү топтогу майыптыкты беребиз» дешти. Экинчи топтогу майыптыкка чыгуу үчүн кайда гана барган жокмун. Ал жакта таанышы барлар майыптыкты алышат экен. Биздей карапайым адаамдарга кыйын экен»
Дастан алган жаракатына карабай, ишке орношконго аракет кылып, бир канча жердин эшигин каккылап көргөн. Тилекке каршы, майнап чыккан эмес. Эми отуруп иштегенге ылайыктуу IT-тармагын өздөштүрүүгө аракет жасоодо.
«Биринчи ашпоз болоюн деп, окууга бардым. Ал жакта көп убакыт туруу керек экен, тилекке каршы, болбой калды. Андан кийин коопсуздукту сактоо жагына да бардым. Ал жак кечирим сурап, «бизге дени сак адам керек» дешти. Алдыда IT-тармагына окуп, иштейин деп жатам».
Мекен үчүн жанын аябаган чек арачы кайрадан кызматына барууну самайт. Уруксат берсе, азыр деле барып, кызмат өтөөгө даяр экенин айтып, көзүнө жаш алды.
«Жакында эле өзүм кызмат өтөгөн жерге барып, балдар менен жолугуп келдим. Акыл-насаат катары командирлеринен угуп жаткан урушуна, кийип жүргөн бронежилетине зар болуп жатканымды айттым. Аябай сагындым, азыр деле уруксат берсе, чек ара кайтармакмын. Ал жакта иштеп жаткан балдарды көрүп, көздөн жаш кетти».
«Марал» радиосу өткөн жылы окуя болгондон Дастан Шариповдун жубайы менен маектешкен. Анда Үмүт Мурат кызы эки банкта насыясы бар экенин айткан. Ошол уктуруудан кийин бир канча адам насыясын төлөөгө жардам берип, банктагы карыздары толук жабылган. Жаш жубайлар оор учурда жардам берген элге ыраазычылык билдирди.