Биз менен байланышыңыз

Кесиптик лицейлердин жетекчилерине сынак кандай тартипте өтөт?

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Сен 2023 | 430 | 0
билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу

«Кесиптик лицейлердин жана коллеждердин директорунун кызмат мөөнөтү беш жыл менен чектелип, эки мөөнөттөн ашпашы керек» деген мыйзам кирди. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу «Маралдын» түз эфиринде билдирди.

«Буга чейин жогорку окуу жайлардын ректорлорунун гана иштөө мөөнөтү чектелген. Ал эми кесиптик орто жана кесиптик башталгыч лицей менен колледждерде 25-28 жылга чейин иштеген директорлор бар. Элүү жылга чейин иштеп, рекорд койгон директор быйыл кетти. Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө көпчүлүк директорлор түшүнүү менен реформаны колдоп, өздөрүнүн арызын жазып берип жатышат. Бул убакытка чейин канча жыл директор болуп иштесе да, биздин сынакка келип катышса болот», — деди Абазбек уулу.

Сынактан өтүү этаптары:

  • Документтерди кабыл алуу. Комиссия документтерди карап чыгып, квалификацияга туура келген талапкерлерди гана экинчи этапка өткөзөт. Квалификациялык талап: жогорку кесиптик билим берүү боюнча адистиги болуп, билим берүү чөйрөсүндө же ошол окуу жайдын профилине туура келген чөйрөдө беш жылдан кем эмес иштеши керек.
  • Тест тапшыруу. Өлкө боюнча бир учурда өткөзүлөт. Тест өткөндөн кийин үч сааттан ашпаган убакытта жыйынтыгы белгилүү болот.
  • Аңгемелешүүдөн өтөт. Тест тапшыруунун жана аңгемелешүүнүн жүрүшү видеого тартылып, жетекчи кызматына киришкенден тарта бир жылга чейин сакталат. Сынакка келген катышуучунун сөзсүз түрдө окуу жайды өнүктүрүү стратегиясы болушу керек.

 «Комиссиянын ичине түрдүү чөйрөдөгү адамдарды тартканга кызыкдарбыз. Мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринен сырткары көз карандысыз эксперттер, билим берүү чөйрөсүндөгү активисттер жана коомдук активдүү жарандарды киргизебиз. Андан сырткары үч жылдан ашык иштеген директорлор аттестациядан өтүшөт», — деди министрдин орун басары.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM