Биз менен байланышыңыз

Кесиптик лицейлерге кандай өзгөртүүлөр киргизилди?

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Сен 2023 | 232 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Кесиптик лицейлердеги абал жана өзгөртүүлөр кандай нукта кетип жатат? Бул суроолорго билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу «Маралдын» түз эфиринде жооп берди.

Орун басардын айтымында, учурда Кыргызстанда 101 кесиптик лицей бар. Жалпысынан 32 миңден ашуун окуучу билим алат. Өлкө казынасынан жыл сайын 1 млрд 543 млн сом бөлүнөт. Бул сумма мугалимдердин айлыгына жана жакыр үй-бүлөдөн келип окуп жаткан балдардын стипендиясына, тамак-ашына каралган.

«Кесиптик лицейлер бир эсе уникалдуу жана өлкөнүн бардык аймагын камтыган окуу жай болуп эсептелет. Эң негизгиси, коомго керектүү кесиптерге даярдайбыз. Жогоруда айтылган сумма көп угулганы менен толук кандуу жетиштүү эмес. Ошондуктан быйылкы жылы Билим берүүнүн жаңы редакциясы кабыл алынып, бюджеттик кодекске өзгөртүү киргиздик. Өзгөртүүнүн алкагында кесиптик лицейлердин тапкан каражаттары өздөрүндө калат. Андан сырткары «окуу жана окуу-өндүрүштүк ишмердүүлүктөн акча тапса болот» деген түшүнүк киргизип бердик. Муну менен балдар өздөрү жасап чыккан буюм-тайымдарын сатып, андан түшкөн акчаны өздөрүнүн бюджетине калтырганга мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деди Абазбек уулу.

Буга чейин 9-класстын базасынан келген окуучу үч жыл окуса, эми эки жыл окуйт. Окуучуларды кабыл алуу сынактары онлайн өткөрүлүп, канча окуучу катталганы ачык көрсөтүлүп турат. Ошондой эле ашыкча деп эсептелген предметтер алып салынып, кесиптик сабактарга басым жасалат.

Дуалдык окутууга басым жасаган кесиптик лицейлер былтыркы жылы 11%ды түзсө, быйылкы жылы 39%га жеткен. Мындан сырткары буга чейин кесиптик лицейлерде 3240 кызматкер иштей турганы айтылып келсе, онлайн кабыл алууга өткөндөн кийин алардын саны 600 кызматкерге кыскарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM