Биз менен байланышыңыз

Кароосуз калтырылган унаалар айдоочунун эсебинен алынат

Кыска кабар | 15 Сен 2023 | 409 | 0

Бишкектин техникалык тейлөө станцияларынын жанында кароосуз калган унаалар ээлеринин эсебинен алынат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Мэрия акыркы убакта шаар тургундарынан жолдо, короо-сарайларда, унаа токтотуучу жайларда, өзгөчө техникалык тейлөө станцияларынын (СТО) жанында кароосуз калган унаалар боюнча кайрылуулар көбөйгөнүн билдирди.

Алсак, Кызыл-Аскер аймагындагы Волков көчөсүнүн Патрисия Лумумба көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө туура эмес жерде токтогон, кароосуз калтырылган унаалардын ээлерине жана техникалык тейлөө станцияларынын ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, 13 унаанын ээсине билдирүү таратылып, унааларга эскертүүлөр чапталган. Бул көчөнүн боюнда тейлөө станциялары көп жайгашкан.

Эскертүү берилгенден беш күндөн кийин ыйгарым укуктуу орган транспорт каражатын эвакуациялайт. Эвакуаторго жана унаа токтотуучу жайга кеткен чыгымды унаа ээси өзү төлөйт.

Бул чаралар муниципалдык жерлерди жана имараттарды инвентаризациялоого, «Укук бузуулар жөнүндө» кодекстин 188-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM