Биз менен байланышыңыз

Бишкекте сейрек кездешүүчү шишикти алып салуу операциясы жасалды

Блог | 14 Сен 2023 | 504 | 1

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын медициналык борборунда оор операция жасалды. Хирург Канат Оморов жетектеген топ 18 жаштагы бейтаптын уйку безинен сейрек кездешүүчү залалдуу Франц шишигин лапароскопиялык жол менен алып салышты. Бул ооруну радикалдуу дарылоо хирургиялык жол менен алып салуу болуп саналат, ал эми химиотерапиянын далилденген таасири жок. Сейрек кездешүүчү шишикти алып салуу процесси кандай жүргөнүн медициналык борбордун хирургу Канат Оморов баяндап берди.

«Уйку безинин сейрек кездешүүчү залалдуу шишигин лапароскопиялык ыкма менен алып салдык. Тактап айтканда, медициналык камерадан карап, кадимки операция жасадык. Шишикти алууда өтө чоң ачпастан, бир сантиметр жерин гана тилип, атайын аспаптарды колдондук. Операцияга хирургдар Азамат Касенов, Рустам Абдалиев жана анестезиолог Аскат Төлөмүшев жардам беришти.

Бизге 18 жаштагы кыз апасы менен кайрылган. Бардык анализин изилдеп көргөнүбүздө, компьютердик томографиядан уйку бездин рагы аныкталган. Ал бир канча органга жана чоң кан тамырларга тыгыз жабышып калган. Бул рак дүйнө жүзүндө аз кездешет. Көбүнчө жаш кыздарда болот.

Бейтаптын апасы жаш экенимди көрүп, күмөн санап, башка хирургдарга кайрылып, бирок аларга да макулдук берген эмес. Мен лапароскопия ыкмасын айтып, пландуу түрдө кандай жасаларын түшүндүргөндөн кийин гана ишенип, акыркы үмүтү пайда болгонун айтты.

Дисталдык кесүү жолу менен жасалды. Жалпак тил менен айтканда, уйку безинин жарымы шишик менен кошо алынды. Башка органдарга да жабышкан. Бирок көк боор, кан тамырларды жана бөйрөгүн сактап калдык. Буга чейин шишиктин башка түрлөрүн алып салуу боюнча операциялар жасалган. Бирок анда кичине болчу. Бул жолкусунда чоң өлчөмдөгү Франц шишиги алынды. Бул — дүйнө жүзүндө сейрек кездешүүчү рактын түрү. Буга чейин Кыргызстанда уйку безиндеги Франц шишигин алып салган операция жасалганын уккан эмесмин».

Канат Оморов 2014-жылы И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктаган. Төрт жылдан бери өзү бүткөн окуу жайдын изилдөө институтунда эмгектенет. Германия жана Түркия мамлекеттеринен тажрыйба топтоп келген. 

1 пикир

1 пикир

  1. Сонун Исмаилова

    15.09.2023 04:58

    Азамат!
    Ийгиликтүү операциялар үчүн кимдер кубанбайт?
    Мындан ары да тажрыйбасы көбөйүп,элдин ден соолук жаатындагы көйгөйлөрүн чечүүдө зор ишенимге ээ болуп,мыкты чеберчиликте иштей берүүсүнө тилектешпиз!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM