Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаардык соту Мадумаровдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды

Кыска кабар | 13 Сен 2023 | 228 | 0

Бүгүн, 13-сентябрда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровдун камакка алынышынын мыйзамдуулугун жана бөгөт чарасын карады.

Отурумдун жыйынтыгында шаардык сот Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Жараян жүрүп жаткан учурда соттун имаратынын алдына Мадумаровдун тарапташтары, туугандары чогулуп, аны бошотууну талап кылып турушту. Имаратка эч ким киргизилген жок.

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 2-сентябрдын кечинде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 24-октябрга чейин камакка алынган.

Буга чейин Башкы прокуратура «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксат сурап, парламентте түзүлгөн комиссия ага макулдук берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM