Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш 3 министрди кызматка дайындоого макулдук берди

Кыска кабар | 13 Сен 2023 | 133 | 0

Жогорку Кеңеш 13-сентябрдагы жыйынында Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри, Нурия Кутнаеваны  санариптик өнүктүрүү министри, ал эми Гүлнара Баатырованы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берди.

Үч талапкер президенттин жарлыгы менен кызматка дайындалган жана талапкерлигин кароо үчүн парламентке сунушталган.

Өткөн жумада Министрлер кабинетинде бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болуп, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев иштен алынган. Анын ордуна орун басары министрдин милдетин аткаруучу болгон.

Ошондой эле эмгек министри Кудайберген Базарбаев ишинен бошотулган. Анын ордуна Гүлнара Баатырова барганына байланыштуу саламаттыкты сактоо министри кызматына Алымкадыр Бейшеналиев кайра келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM