Connect with us

«Майлуу-Суу» лампа заводунда айнек бөтөлкө чыгарыла баштайт

Кыска кабар | 13 Сен 2023 | 487 | 0

Жакында Жалал-Абад облусундагы «Майлуу-Суу» лампа заводунда айнек бөтөлкө чыгарыла баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев айтты.

Анын маалыматына караганда, Германия компаниясынын өкүлдөрү сентябрь айында «Майлуу-Суу» лампа заводуна келүүнү, 2024-жылга чейин айнек бөтөлкө чыгарган завод куруп берүүнү пландап жатат.

«2023-жылдын 11-сентябрында Германиянын Обернкирхен жергесинде жайгашкан Heye International GmbH компаниясына барып, маркетинг боюнча жетекчиси Марк Циглер, долбоордун жетекчиси Уве Тобюрен жана менеджери Александ Кайзер менен жолуктум. Азыркы тапта Heye International GmbH компаниясы Майлуу-Суу лампа заводуна орнотуу максатында айнек бөтөлкө чыгаруу боюнча жогорку сапаттагы жабдууларды даярдоодо. Мен Кыргызстанда айнек бөтөлкө чыгара турган ишкана куруу долбоору менен таанышып, Heye International GmbH компаниясынын айнек бөтөлкө чыгаруучу жана жабдууларды даярдоочу заводуна бардым. Германия компаниясынын өкүлдөрү 2023-жылдын сентябрь айында «Майлуу-Суу» лампа заводуна барууну пландашууда жана Кыргызстанда бөтөлкө чыгаруучу жаңы заводдун курулушу 2024-жылы аякташы күтүлүүдө», – деди Текебаев.

Элчинин маалыматына караганда, Heye International GmbH компаниясы 1799-жылы негизделген. Дүйнө жүзү боюнча 15 өкүлчүлүгү бар, 200дөн ашык бөтөлкө чыгаруучу завод аталган компаниянын жабдууларын колдонот. Компанияда 500 адам иштейт.

Heye International GmbH компаниясы 2003-жылдан бери Ardar Group (Ада Групп) компаниялар тобуна кирет. Ardar Group компаниясында дүйнө жүзү боюнча 21 миң адам иштейт, жылдык товар жүгүртүүсү 10 млрд доллардан ашык жана дүйнө жүзү боюнча 16 мамлекетте заводдору бар.

Финансы министрлиги «Майлуу-Суу» лампа заводуна 1 млрд сом бөлгөн. Бул каражат айнек идиш чыгара турган жабдууларды сатып алууга, ошондой эле айнек эритүүчү мешти оңдоого жумшалары айтылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM