Биз менен байланышыңыз

iPhone-15 смартфондорунун өзгөчүлүктөрү жана баасы (сүрөт)

Блог | 13 Сен 2023 | 1760 | 0

Кечээ, 12-сентябрда Apple компаниясы iPhone-15 смартфондор топтомунун таанытымын жасады.

Негизги өзгөчөлүгү жаңы туташтыргыч кошулганы болду. Легендарлуу Lightning (2012-жылдан бери) функциясынын ордуна ылдам кубаттоочу жаңы USB Type-C кирди. Ошондой эле жаңы смартфондордун сырткы куймасы бул ирет титандан жасалды. Анын мурунку болоттон жасалган корпустардан бир нече эсе бекем болору айтылды.

Жаңы ПРО версиялардын процессорлору Apple A17 Bionic  менен иштейт. Ал эми базалык iPhone-15 процессорлору өткөн жылдагы A16 Bionic менен чыгарылды. Apple A17 Bionic 19 млрд транзисторлорго ээ. Бул мурунку смартфондордон 2-4 эсе ылдам иштейт дегенди түшүндүрөт. Мобилдик оюндарды жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн Ray Tracing функциясы да кошулду.

Телефонду үнсүз режимге коюучу баскычтан Apple бул ирет баш тартты. Анын ордуна коюлган жаңы баскыч менен ылдам сүрөткө тартуу, жарыкты күйгүзүү сыяктуу функцияларды аткарса болот. Телефонду үнсүзгө алуу режими негизги жөндөө функциясында бар.

Камералардын сапаты дагы да жакшырды. Мындан ары сүрөт тартууда портреттик режимге өтүүгө муктаждык жок. Жасалма интеллект сиздин портреттик сүрөт тартуу каалооңузду өзү байкап, фокусту коюп берет.  Ошондой эле түнкү сүрөт тартуу режимине да бир топ өзгөртүүлөр киргизилген.

Жаңы смартфондордун баасы:

  • IPhone-15 — 799 доллар
  • IPhone-15 Plus — 899 доллар 
  • iPhone-15 Pro —  999 доллардан башталат
  • iPhone-15 Pro Max — 1199 доллар 

Смартфондор АКШда Apple компаниясынын расмий дүкөндөрүндө 22-сентябрдан тарта сатыла турганы айтылды.

iPhone 15 Pro жана iPhone 15 Pro Max смартфондору тууралуу Apple Ютуб-каналынын жарнамасынан көрүүгө болот.

iPhone 15 Pro и Pro Max
Цвета новинок.
новый чип
айфон 15 про
камера айфон 15 про
iPhone 15 Pro
фишки айфона 15 про
iPhone 15 Pro

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM