Биз менен байланышыңыз

Дүйнө чемпионатына катыша турган балбандардын тизмеси

Кыска кабар , Спорт | 7 Сен 2023 | 240 | 0

Кыргызстандын олимпиадалык күрөш боюнча курама командасы 16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын борбору Белград шаарында өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Аталган мелдештин алкагында 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо да берилет.

Беттештер 10 салмак категориясында өтүп, жалпы 90 квота ойнотулат.

16-18-сентябрь күндөрү эркин күрөш боюнча курама команда беттешет. Улуттук курама команданы улук машыктыруучулар Сүймөнкул Таабалды уулу, Ислам Тазабеков жана башкы машыктыруучу Руслан Маджинов жетектейт.

Эркин күрөш боюнча курама команда:

— 57 кг Алмаз Сманбеков
— 65 кг Икромжон Хаджимурадов
— 70 кг Эрназар Акматалиев
— 74 Арсалан Будажапов
— 86 кг Нарбек Изабеков
— 97 кг Каныбек Абдулхаиров

18-21-сентябрь күндөрү кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өтөт. Улуттук курама команда улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев, башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жана Билимбек Капарбековдун жетекчилиги алдында беттеш өткөрүшөт.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда:

— 59 кг Кальмира Билимбек кызы
— 62 кг Айсулуу Тыныбекова
— 68 кг Мээрим Жуманазарова
— 72 кг Нурзат Нуртаева
— 76 кг Айпери Медет кызы

21-24-сентябрь күндөрү грек-рим күрөшү боюнча беттештер өтөт. Улуттук курама команданы улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков, башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев жана Мейрамбек Ахмедов жетектеп чыгат.

Грек-рим күрөшү боюнча курама команда:

— 60 кг Жоламан Шаршенбеков
— 67 кг Амантур Исмаилов
— 77 кг Акжол Махмудов
— 87 кг Азат Салидинов
— 97 кг Бексултан Махмудов

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM