Биз менен байланышыңыз

Үйдү жылытуунун табиятка зыянсыз жолдору

Блог | 6 Сен 2023 | 246 | 0

Кара-Кеченин көмүрүнө чектөө киргизүү керектигин буга чейин экологдор бир канча ирет айтып келишкен. Себеби аталган көмүр B3 категориясындагы күрөң көмүрлөрдүн катарына кирип, калориясы, табы аз, сапатсыз экени аныкталган. Ошондой эле нымдуулугу жогору болуп, абанын ышталышына таасир этет.

Эколог Анара Султангазиеванын айтымында, СССР маалында изилдөөчүлөр Кара-Кече көмүрү 100 жылда бышарын, курамында зыяндуу зат уран болушу мүмкүн экенин эскертишкен. Андыктан бул көмүрдү жагууга толук тыюу салынбаса, анда мамлекет брикеттеп бериши керек. Бул ыкма аркылуу Монголия кара түтүндөн арылган.

«Азыркы абал менен көмүрдөн толук баш тарта албайбыз. Бизде абаны кирдетпөө үчүн, адамдардын ден соолугуна терс таасир тийгизбөө үчүн мамлекет Кара-Кече көмүрүн брикеттеген завод салышы керек. Бул ыкма Монголия мамлекетинде ийгиликтүү ишке ашкан. Брикеттегенде көмүрдөн ыш чыкпайт, табы да жакшы болот».

Эксперттер Кара-Дөбө жана Жыргалаң шахтасынан казылган көмүрлөр сапаттуу келип, табы да жакшы болорун айтышат.

Энергоүнөмдөө боюнча эксперт Жаныбек Кулумбетов ыш менен күрөшүү ыкмаларын, үйдү көмүр колдонбой жылытуунун жолдорун санап берди:

  1. Көмүр жаккан отказанды тазалоо өңдүү бир канча ыкмаларды колдонуу аркылууу ыштан арылууга болот;
  2. Газ колдонуу — көмүрдү алмаштыра турган эң натыйжалуу ыкмалардын бири. Үй курууда бардык эреже так сакталса, газ колдонуу арзан болот. Жаратылыш газынын табы үйдү жакшы жылытат;
  3. Күн энергиясынын жардамы менен ысык суу, аны менен катар жылуулук алса да болот;
  4. Электр энергиясын аз колдонууга мүмкүнчүлүк берген жылытуучу жабдууларга өтүү керек.

«Бишкектин бир топ аймагына газ коюлуп калды. «Газ колдонууда кымбатчылык жаралат» деген ойдо жүргөндөр жаңылат. Эгерде үйдү эшигинен тарта шыбына чейин жылуулап, стандарттар менен салса, газ үнөмдүү колдонулуп, каражат да аз сарпталат. Ошондой эле жер астындагы сууларды атайын жабдуулар менен ысытып, жылуулук алса болот. Мен айтып өткөн жылытуудагы ыкмалар үйдү толук жылуулаганда гана натыйжа берет».

Бишкек шаарынын мэриясы газга өтүү үчүн жаңы конуштардын тургундарына төлөө графиги ыңгайлуу төмөнкү пайыздык чендеги насыялар сунушталып жатканын билдирди.

Маалым болгондой, «Айыл банк» менен «РСК банк» төмөнкү пайыз менен эки жылдык мөөнөткө күрөөсүз, кепилсиз, баштапкы төлөмсүз 150-200 миң сомго чейин насыя берүүгө даяр. Ошондой эле кардарлар насыя төлөөнүн ыңгайлуу графигин өздөрү тандаса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM