Биз менен байланышыңыз

Ислана Бектемирова: Стилде айыл, шаар деген бөлүнүү болбойт

Блог | 6 Сен 2023 | 450 | 0

Ааламдашуу доорунда бардык тармакта өзгөрүүлөр арбын. Кызмат көрсөтүүнүн да деңгээли, фортамы өзгөргөнүн байкасаңыз керек. Бул жаатта стилисттер да тейлөөсүн жандантууда.

Кыргызстандык стилист, имиджмейкер Ислана Бектемирова кардарларына жеке стиль, образ түзүүгө көмөктөшүп келет. Ал адамдардын жекечелигин, өзгөчө сапатын кийим аркылуу ачып берет. Стилистке көбүнчө айымдар, шоу-бизнес өкүлдөрү, блогерлер кайрылат.

Учурда Түштүк Кореяда жашап, кызматын калктын кеңири катмарына көрсөтүп жатат. Социалдык тармак аркылуу стиль, мода, имидж тууралуу айтып келет.

Биз да кызыгып, Ислана Бектемированы кепке тарттык.

— Стиль деген эмне?

— Стиль — өзүңүздү сыйлооңуз,билүүңүз, түшүнүүңүз, ички сезимиңиздин сыртка чагылышы, мүнөзүңүз, сырткы көрүнүшүңүз, жашоо образыңыз, өзүңүзгө гана таандык өзгөчөлүгүңүз, ошондой эле каалооңуз.

— Стилдүү кийинүүнү эмнеден баштайбыз?

— Алгач эле тазалыктан, жагымдуу жыттан, бети-башты, колду, тырмакты, тишти таза кармоодон, керексиз, жарашыксыз кийимдерден арылуудан баштаңыз. Андан соң сиз кимсиз жана жашоо образыңыз кандай, кандай адам катары көрүнгүңүз келет? Ушул суроолордун үстүндө ойлонуп, андан соң жашоо образыңызга ылайыкташкан кийимдерди алыңыз. Ушундай жол менен гана өзүңүздү гармониялуу сезе аласыз, ички сезимиңизди угуп, өзгөчөлүгүңүздү баса белгилеп, башкаларга да көрсөтө аласыз.

— Эмне үчүн жекече стиль керек?

— Өзүңүзгө гана таандык өзгөчөлүктө кийинүү. Жөн эле жакшы кийинип койбостон, кандай адам экениңизди коомго көргөзүү менен бирге, өзүңүздү тыкан, ыңгайлуу, ишенимдүү алып жүрөсүз. Жеке стилиңизди билсеңиз, сизге жарашкан кийимди оңой тандай аласыз, акчаңызды жана убактыңызды үнөмдөйсүз, сизге жарашпаган, керексиз кийимдерди алуудан алыс болосуз.

— Мода менен стилдин айырмасы кандай?

— Мода кааласак да, каалабасак да өзгөрүп турат. Стиль сиздин каалоңузга жараша гана өзгөрөт. Мода келет-кетет, стиль өзгөрбөйт.

— Айтсаңыз, мода эмне үчүн жаралат?

— Адамзаты негизи эле бир нерсени көпкө жактыра бербейбиз, дайыма өзгөчөлүктү, өнүгүүнү каалап турабыз. Он сегиз жашыңызда жактырган нерсеңизди отуз жашыңызда жактырбай калышыңыз мүмкүн. Ошондуктан мода бизнес, өнүгүү, изденүү, жаңылануу, ички сезимдин каалоосу үчүн жаратылат.

— Стилдүү кийинүүнү каалайбыз, бирок каражат тартыш болсо, кантип мода кууй алабыз?

— Мода кууп кийинүү үчүн сөзсүз эле ошол нерсенин кымбатын же көп нерсени алуу эмес, мода болуп жаткан нерсенин майдасынан, арзаныраагынан алсаңыз болот. Мисалы, сөйкө-шакек, аксессуарыңызды алмаштырыңыз, жөнөкөй эле телефонуңуздун кабын, байпак, баш кийимиңизди алмаштырсаңыз болот.

— Ата-эненин стилдүү кийинүүсү балдарга кандай таасир берет?

— «Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың» дегендей, стиль биздин көз караш, көрүүбүздөн жаралат. Балдар бизди туурап, бизди карап тарбияланат. Кыздарыбызды, балдарыбызды тарбиялоодо таза, туура, тыкан жүрүүсүнө, табитине ылайык кийинүүсүнө, өзүнө ишенишине, акчаны туура колдонуусуна басым жасаган жакшыраак.

— Элдин стили менен мамлекеттин имиджинин байланышы барбы?

— Мисалы, Париж дегенде атыр жыттанган, стилдүү кийинген адамдар эске келет. Корея да өзүнүн стили менен өзгөчөлөнүп турат. Кайсыл бир өлкөнү элестеткенде, сыртынан баа бергенде ошол мамлекеттин адамдарынын жүрүм-туруму, сырткы келбети, жашоо образы ойго келет. Парижге же өнүккөн өлкөлөргө эмне үчүн баргыбыз келип, кичинебизден максат коёбуз? Кооздукту, жашоо стилин көргүбүз келет, көз жоосун алган жерлерге баргыбыз келет. Адам кооздукту көрүп, эмоция алуу үчүн жашайт экен. Биздин өлкөгө чет элдиктер келсе, ар бирибиз менен сүйлөшүп отурбай эле сыртыбыздан баа берип кетишет. Ошондуктан башкалар үчүн эмес, өзүбүз үчүн жасансак, стилдүү кийинсек, өзүбүздү таза, тыкан алып жүрсөк, өлкөбүздүн имиджине таасирин тийгизет.

— Туура кийинүү менен каржылык өсүүнүн байланышы барбы?

— Ооба, албетте байланыштары бар. Мисалы, ишке орношууда, адамдар менен жолугушууда, иш-чараларга катышууда кийим да роль ойноп коёт. Себеби ошол кезде туура жана жарашыктуу кийинүү кайсы бир деңгээлде алдыдагы пландарыңыздын жакшы жакка аткарылуусуна оң таасирин бериши толук мүмкүн.

— Айылда стилдүү болуп жүрүү үчүн эмне кылуу керек?

— Стилде айыл, шаар деген бөлүнүү болбойт. Келбетиңизге кам көрүп, колуңузга, бетиңизге күндөн коргоочу кремдерди коюп, жакшы жыттанып жүрүүгө аракет кылыңыз. Күнүмдүк кийген кийимдерди ыңгайына, сапатына карап алыңыз. Анткени ал сапатсыз болсо, бат эле өңү өчүп, чоюлуп, жакшы көрүнбөй, кайра алмаштырууга туура келет. Айылда орточо ачык түстөр жакшы болот. Күңүрт, каралжын түстөрдү көгүш, кызгылт, саргыч түстөргө алмаштырыңыз, бул түстөр көпчүлүк айымдарга жарашыктуу жана айылда кооз көрүнөт.

— Кыргыз айымдарга кандай кайрылууңуз бар?

— Ден соолугуңузга, келбетиңизге, дене мүчөлөрүңүзгө кам көрүңүз. Ички баа ушул нерселерди кылууда жаралат. Ар бир айым сулуу жана өзгөчө экенин айткым келет.

— Мырзаларга кеңешиңиз?

— Айымдар тыкан, таза, жагымдуу жыттанган, жарашыктуу кийинген мырзаларга биринчи көз карашта баа берет, мырзалардын стилдүү болуусу айланадагы адамдарга жагымдуу таасир калтырат. Мырзалар айымдарга шарт түзүү менен жагымдуу образ жана жашоо стилин жарата алат.

— «Түстөрдүн психологиясы бар» деп каласыз, мисалы, окучуулар менен медиктер ак түстө кийинишет. Аны кандай чечмелейсиз?

— Ооба бардык түстүн психологиялык таасири бар. Ак түс психологияда акыйкатты, жардам берүүнү, мээримди, билимди, аралыкты сактоону сүрөттөйт. Аралыкты сактоо дегеним, мисалы, кесиптештерине бирдей мамиле жасоо, иш боюнча гана кайрылып, жеке жашоосу тууралуу суроо бербөө үчүн бирдей ак түстөгү форманы ойлоп чыгарышкан.

— Маегиңизге ырахмат. Чыгармачылык өнүгүү каалайм!

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM