Биз менен байланышыңыз

Эгемендүүлүккө ишкерлердин кошкон салымы

Блог | 31 Авг 2023 | 522 | 0

32 жыл мурун, 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын тарыхында жаңы барак ачылган – Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгы жарыяланган, башкача айтканда, өлкө өнүгүү жолундагы өз тарыхый тандоосун жасаган. Дал ушул майрам биздин ата мекенибиздин эркиндигинин жана туруктуулугунун символу болуп эсептелет.

Ишкер — бул бардык мүмкүнчүлүктөрдү максималдуу пайдасы менен колдонгон адам. Ал аз чыгаша кылып, көп киреше тапсам деп ойлойт. Бирок ар бир кыргыз ишкери эгемендүү болуубузга эмне салым кошту, кантип элдин жашоосун жакшыртты?  — бул суроолордун алкагында ЖИАнын жана Марал ФМдин “Экомайдан” программасында талкуу уюштурулду.

Коноктор:

— “Супара” этно комплексинин жетекчиси Жаңылсынзат Турганбаева

— Талдоочу, «ЭлТранс» ассоциациясыынын директору Искендер Шаршеев

— Талдоочу, ЖИАнын экс-директору Руслан Акматбек

Эгемендүүлүктө ишкердик кантип башталды?

Искендер Шаршеев: Союз мезгилинде ишкерлерди көзөмөлдөө менен мурун НКВД, кийин ИИМге караган Социалисттик менчикти уурдоо менен күрөшүү бөлүмү (ОБХСС) иш алып барган. Алардын максаты спекуляннттар менен, б.а алып сатаар же кызыл кулак, чайкоочулар менен күрөшүү, ишкердиктин тамырын чаап, баш көтөртпөө болгон. Бизнестин өкүлдөрүн адамды өлтүргөндөй эле соттоп салышчу. Бирок баары бир эл жанын багышы керек болгон. Акырындап жашыруун иштеген ишкерлер да болгон. 1985-жылдардан тарта кооперацияларга уруксат берилген. Бирок алардын да жоопкерчиликтери катуу белгиленген, эркиндик жок болгон.

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары Кыргызстанда эл депрессияга түшкөн, арак ичүү, кылмыштуулук жалпы жайылган. Менчиктештирүү башталганда жарандар эмне болсо да, кандай болсо да мүлк алууга жан үрөшкөн. Алардын алдыңкылары комсоргдор (комсомолдук уюштуруучулар) болгон. Алар азыр да бар жана көбү бай адамдар болуп кала беришти. Мурдагы заводдордогу, ишканалардагы бир далай станоктор жана тетиктер Кытайга темир болуп сатылып кеткени маалым.

Эгемендүүлүктө инфляция асманга кетип, эл нанга зар болгон, курсак ач калган. 1991-жылдан тарта Евробиримдиктин экономикалык реформаларды жүргүзүү процессин тездетүүгө багытталган “Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине Техникалык жардам” (TACIS) программасы жардамга келип, гранттарды жана консультациялык колдоо берип баштаган. Ал программа 8 млрд евродон ашып КМШ өлкөлөрүнө бөлүштүрүлүп берилди. Ал каржыдан бизге да бөлүнүп, ишкердик ачуу, бизнес-пландарды жазууга багытталганы чын.

Эркектер аракка жана депрессияга чөккөн кезде өлкөнү биздин айымдар куткарып калды десек болот. Себеби алар ундан же талкандан нан жасап сатып, челнокчу болуп кийим тигип, жүгөрү сатып, чаар баштыктарды моюндарына көтөрүнүп соода кылып баштаган. Алар бизди экономикалык айласыздыктын чеңгээлинен чыгарып кете алды. Алардан кийин өндүрүш тармак акырындап жандана баштаган.

Руслан Акматбек: Эгемендүүлүктө эл курсагын тойгузуп, үстүндө кийими болушу үчүн, ишкердик кылууга мажбур жана милдеттүү эле. Бала кезимди эстесем нан жасаган наавайканалардын саны шаарда аз эле болгон, кезек көп болгон. Бир адамга бир гана нан берилсин деген чырлар да чыкчу. Акырындык менен ишкердиктин түрлөрү пайда боло баштаган. Негизи кыргыздар улут катары соода-сатыкка анчейин деле уста эмес элек. Мисалы соодага чыгуу уят, намыс, аброюна доо кетирүү катары кабыл алынган. Азыр кыргыз ишкерлер ишкердикти өздөштүрдү. Бул биз үчүн экономикалык эркиндикти алып келди. Ар бир тармактын эгемендүүлүккө кошкон салымы бар. Бирок ишкер коомчулуктун ролу эң маанилүү болгон. Себеби эл ток, кийими бүтүн болбосо эгемендүүлүктүн кереги жок.

Жаңылсынзат Турганбаева: Эгемендүүлүктө ишкердиктин пайда болуусун 3 топко бөлүп караса болот:

1) Эгемндүүлүктүн жемиши менен пайда болгон компаниялар: алар эгемендүүлүк келбесе пайда болмок эмес, өнүгүп-өспөйт болчу. Алардын бири «Шоро» компаниясы. Мурдагыдай чоң көзөмөл болгондо улуттук дөөлөттөрдү туу тутуп, маданиятты жандантып, муундарга уланып кетсин деген концептуалдуу максат койгон «Шоро» жаралбайт болчу. Табылды Эгембердиев жарманын кор болуп, базарлардан куугунтукталып келгенине зээни кейичү. Союз учурунда маморгандардагы жетекчилер Табылдынын айткандарын кабыл алган эмес. Эгемендүүлүк келгенде көп адамдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, улуттук суусундуктарды талаптарга жооп берген өндүрүп сатууну жолго салды.

2) Мамлекеттик-адмнистративдик ресурстарды колдонуп пайда болгон ишкерлер: алар мурдагы ээлеген кызмат орундарын, абройлорун пайдаланып приватташтырууда чоң мамлекеттик байлыкты ээлеп алган. Аларга эгемендүүлүк асмандан түшкөн белек сыяктуу болду.

3) Демократиянын эпкини, инвесторлордун жардамы менен көзү ачылган, аракетчил жана жаратман ишкерлер. Алар болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, бутка турган ишкерлер же компаниялар. Кимдин колунан эмне келсе ошону жасап сатса болот экен, ага суроо-талап бар экен деп түшүнүп, ишкердикти түптөп кете алды. Азыр алар орто жана чакан бизнестин ээлери болуп иштеп жатышат. Мисалы, «Дордой» (базар), «Шоро» (өндүрүш), Kyrgyz Concept (туризм), «Куликов» (кондитердик таттулар), кол өнөрчү/тигүүчү жана башка ишкерлер эгемендүүлүк тарыхтын башаты, алгачкы ишкердикти жайылтуучулар болду.

Ишкерлер эгемендүүлүктө кандай ролду ойноду?

Искендер Шаршеев: Эгемендүүлүктөн кийин эл аралык донорлор, фонддордон кыргыз өкмөтү кредитке жана жардам акчаларды ала баштады. Анын 70% мамлекет өзүнө өздөштүрсө, калганын жеке тармакка чачты. Арадан 2-3 жыл өткөндөн кийин ишкерлерден мамбюджетке акчалар түшө баштады. Ал каражаттан мугалим, дарыгер, милициянын маяналары төлөнүп жатты, жолдор салынып жатты. Бүгүнкү күндө мамбюждеттин 60% майда ишкерлерден, 15-20% ири ишкерлерден, 8-10% Кумтөрдөн, калганы ички жана тышкы карыздардан топтолот. Негизи ишкер акчаны айлантып, жабдууларды сатып алып, чийки заттарды сатып алууга, кызматкерлерге акы төлөөгө, мамлекеттик салыкка берет. Калган аз гана  кирешени өзүнө калтырат. Эгер чоң бизнес болсо чоң киреше болот. Кыскасы ишкерлерсиз жашоо жок.

Руслан Акматбек: Ишкер мамлекеттен акча сурабайт (өз жанын өзү багат), иш орундарын түзөт, жаңылык же технологияны алып келет (биз колдонгон телефон, унаа, кийим, тамак аштын түрлөрүн ж.б мамлкет алып келбейт да), ишкер салык төлөө менен мамлкеттик өнүгүүнү камсыздайт. Эгемендүүлүктө ишкерлерди баалуулук катары карай албай койдук. Ишкерлердин бизнестерин “мында акча бар, байып кеттиң” деп ишкердигин тартып алган жагдайды көрүп жатабыз. Расмий каттоодон өтүп, ачык иштеген ишкер менен көмүскөдө салык төлөбгөн ишкерлерин айырмасын түшүнө адлбай койдук. Ишкерлердин баарын жамандай бермей уланууда. Үч революция болду. Пандемия болду. Согуш да болду. Анда да ишкерлер жардамга келгени чындык. Биз ишкердик маданиятты жаратуубуз керек. Ишкерди коррупцияга түрткөн жагдайлар токтобой келет. Ишкер өнүгүүнү анып келген негизги фактор.

Жаңылсынзат Турганбаева: Үйдөгү кожойкелерди кыргыз ишкерлерине салыштырам. Себеби жумуштун, уюштуруунун, маселелрдин баарын аял чечет. Бирок эркек кечинде үйгө келип “эмне кылдың”? – деп үй кожойкеден ыраазы болбой сурагандай эле. Ошон үчүн ишкерлер мамлекетке таарына бермейибиз бар. “Супара” этно комплексинин тажрыйбасын алып караганда мамлектке улуттук маданиятты, улуттук тамак-ашты, улуттук кийимди, улуттук салттарды жайылтууга салым кошту. Биздин негизги максат акча табуу эмес – кыргыздын дөөлөттөрүн сактоо. Бизге шумдук бай адамдар келсе да калян чектирүүгө  уруксат бербейбиз. Кайрымдуулуктардын бир канчасын бир канча жолу кылдык. Аны тизмектеп өтүү зарыл эмес. Эл билет. Кыргыз ишкерлери атын атап да, атабай да социалдык жоопкерчиликтүү болуу аркылуу эгемендүүлүккө салым кошуп келет. Аяктап жатып айтаарым эгемендүүлүк — бул реликвия сыяктуу. Алдыга өнүгүп, өсө беришибиз керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM