Биз менен байланышыңыз

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы урунттуу учурлар

Блог | 31 Авг 2023 | 300 | 0

Эгемендүүлүктүн жарыяланышы

1990-жылы октябрь айында Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңеши мамлекеттин аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда республиканын Эгемендик тууралуу декларациясын кабыл алган. 1991-жылы 31-августта эгемендүүлүк күнү жарыяланган.

Алгачкы президенттик шайлоо

Эгемен мамлекет болгондон кийинки алгачкы президенттик шайлоо 1991-жылдын 13-октябрында өткөн. Анда бир жыл мурда, 1990-жылдын 27-октябрында, Кыргызстандын Жогорку Совети тарабынан шайланган президент Аскар Акаев жалгыз талапкер болуп, 89 пайыздык добуш менен Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланган.

БУУга мүчө болуу

1992-жылы 2-мартта Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында Кыргызстандын мүчөлүгү бир добуштан кабыл алынган.

Алгачкы референдум

Кыргызстандагы алгачкы референдум 1994-жылы 22-октябрда өткөн. Анда добуш берүүгө парламенттин курамын эки палатага бөлүү боюнча суроо коюлган. Алар:

А. Сиз бул референдум менен Конституцияга, мыйзамга жана саясий айдыңда өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдугуңузду бересизби?

Б. Эки палаталуу парламент болуусун колдойсузбу?

Жыйынтыгында элдин 90%ы макулдугун берген.

Улуттук акча бирдик

Сом – Кыргыз Республикасынын акча бирдиги болуп эсептелинет. Ал КРнын Жогорку Советинин токтому менен 1993-жылы 3-майда кабыл алынган. Өлкө аймагында 10-майда жүгүртүүгө чыккан. Кыргызстан СССР курамындагы мамлекеттердин ичинен өзүнүн акча бирдигин чыгарган эң алгачкы өлкө болуп саналат.

«Манастын» 1000 жылдыгы

1992-жылы 25-августта “Манас” эпосунун 1000 жылдык салтанатын белгилөө 5 күнгө созулган. Иш-чара Талас аймагында уюштурулуп, театралдаштырылган сахна коюлуп, 69 өлкөдөн делегаттар келип катышкан. Бул салтанаттын сценарийин жазуучу, драматург Бексултан Жакиев, ал эми режиссерлук милдетин Болот Шамшиев алган.

Ош шаарынын 3000 жылдыгы

2000-жылдын октябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен өткөрүлгөн маараке. Салтанат учурунда ошол кездеги президент Аскар Акаев Ош шаарына экинчи борбор статусун берүү жөнүндөгү Указын чыгарган. Ош шаарынын келечекте өнүктүрүү багыттары иштелип чыккан.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы

2002-жылы 20-декабрда ошол кездеги президент Аскар Акаевдин 2003-жылды «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы» деп жарыялоо демилгеси Бириккен Улуттар Уюму тарабынан жактырылган. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 2002-жылдын 20-декабрында өткөн 57-сессиясынын 78-жыйынында «2003-жыл — Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы» жана «2002-жыл — Эл аралык тоо жылы» деп жарыялоо туурасындагы Кыргызстандын сунушу кабыл алынган.

5 миллионунчу бала

Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин калкынын санында биринчи ирет миллион жаңырды. Анда 5 миллионунчу болуп 2002-жылдын 27-августунда жаш үй-бүлөнүн тун уулу Тынчтыкбек туулган. Ага ысымды ошол кездеги президент Аскар Акаев коюп, үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү батир белек кылып берген.

Аксы окуясы

Аксы окуясы — 2002-жылы Аксы районунда болгон окуя. 2002-жылы 17-мартта Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршылык кылып, райондун борборуна жөө жүрүш менен бара жаткан элге бийлик ок чыгарган. Андан 4 киши курман болгон. Ошол эле жылы 18-мартта Аксы районунун борбору Кербенде милициянын огунан бир жигит, токмогунан дагы бир киши каза тапкан

“Жоогазын” ыңкылабы

Жоогазын революциясы — 2005-жылдын мартында Кыргызстанда үй-бүлөлүк бийликке каршы жана мыйзам бузуулар көп катталган парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы массалык нааразылык акциялары башталган. Натыйжада 24-мартта президенти Аскар Акаев бийликтен кетип, анын ордуна Курманбек Бакиев келген.

Бээжин олимпиадасындагы медалдар

2008-жылы Бээжинде өткөн дүйнөлүк жайкы олимпиада эгемен Кыргызстан үчүн олжолуу болгон. Анда тарыхта алгачкы ирет грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар байге алышкан. Канат Бегалиев 66 кг салмакта күмүш медаль тагынса, Руслан Түмөнбаев коло медаль алган.

Кыргызстандагы экинчи бийлик алмашуу

Апрель Элдик революциясы ― 2010-жылдын апрель айында ал учурдагы президент Курманбек Бакиевдин жүргүзгөн саясатына нааразычылыктан болгон бийлик алмашуу.

Оппозиция өкүлдөрүнүн революциялык кадамдары жыйынтыгында Бакиевдин бийлигинин кулашына жана Убактылуу өкмөттүн колуна өтүшүнө алып келген. Роза Отунбаева башында турган Убактылуу өкмөт өз кезегинде конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана өлкөдө парламенттик башкаруу системасын орнотуу жөнүндө иш-аракеттерин жасаган.

Парламенттик башкарууга өтүү

2010-жылдын 27-июнунда Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп, анда президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өтүү башкы маселе катары каралган. Ошондон кийин Кыргызстан парламенттик башкарууга өткөн.

Көчмөндөр оюну

2014-жылы өлкөдө түрк дүйнөсү үчүн жана КМШ мамлектеттери үчүн тарыхый чоң иш чара старт алды. Ага 19 өлкөдөн 583 спортсмендер катышкан. Экинчи көчмөндөр оюндары 2016-жылы, үчүнчүсү 2018-жылы Ысык-Көл облусунда өткөн. 2020-жылы өтө турган төртүнчү көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү боордош Түркия өз мойнуна алган, бирок пандемияга байланыштуу жылып отуруп, быйыл 29-сентябрда Түркиянын Изник шаарында старт алат.

ЕАЭСке кирүү

Кыргызстан коңшу мамлекет Казакстан, Орусия, Белоруссия жана Армения менен биргеликте экономикалык биримдикке кирген.

6 миллионунчу наристе

Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери экинчи жолу миллионун жаңыртты. 6 миллионунчу наристе 2015-жылы 25-ноябрда 18:12 мөөнөттөрүндө жарык дүйнөгө келген. Бул кубанычтуу жарыяны аныктоо үчүн өкмөттөн атайын ыкчам штаб түзүлүп, анан аныкташкан. Туулган наристе да үй-бүлөдө алтынчы болуп туулган. Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев үй-бүлөгө батир белек кылып, наристе кызга банктык эсепке бир миллион сомдук депозит ачууну өкмөт башчы Темир Сариевге тапшырган.

Айсулуу Тыныбекованын жеңиши

2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта биринчи жолу кыргызстандык балбан чемпион болгон. Ал – Айсулуу Тыныбекова. Тыныбекова тарыхта биринчи ирет дүйнөлүк чемпионаттын финалына чыккан кыргыз кызы жана биринчи жолку кыргызстандык чемпион.

Шайлоодо электрондук эсептөө урналардын колдонулушу

Тарыхта алгачкы ирет шайлоо системасы 2015-жылы санариптештирилди. Анда шайлоочу бюллетенин урнага салганда автоматтык түрдө урна өзү кимге добуш бергенин эсептеп алат.

Кыргыздардын тарыхынын “тереңдеши”

2019-жылы апрель айында ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга иш сапары менен барып, кытайлардын эң белгилүү тарыхчысы Ю.Тайшандан кубанычтуу кабар укту. Анда кытай тарыхчылары өздөрүнүн иликтөөсүндө биздин заманга чейин 10-кылымга тиешелүү болгон жазууларды тапкан. Анда “кыргыздар ат таптаган жоокер эл” деген маанидеги сүрөттөөлөр жазылган. Бул кыргыз коомчулугуна кубанычтуу кабар болду.

Коопсуз шаар

Кыргызстанда чоң долбоорлордун дагы бири – “Коопсуз шаар” долбоору. Ал 2019-жылдын 12-февралында ишке кирген. Максаты — эреже бузган айдоочуларды камерага тартып калуу менен айып пул салып, жол эрежесинин кынтыксыз аткарылышына көнүктүрүү.

“Түндүк-Түштүк” жолу

2014-жылдын 2-майында ири долбоорлордун дагы бири түндүк-түштүк альтернативдүү жолу ишке ашырылып баштаган. Бул долбоорду кытайлык компания аткарууда. Бүгүнкү күнү иш жүрүп жатат. Жалал-Абад – Балыкчы жолу 433 км узактыкты түзөт. Жалал-Абад – Бишкек – Балыкчы жолуна караганда 330 километрге кыска.

Октябрь окуялары

Октябрь окуялары 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоого карата калктын нааразычылыгынан улам келип чыккан. Октябрь окуялары өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген. Мамлекет башында турган Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы 15-октябрда президенттик кызматтан кетерин жарыялап, 16-октябрда ишин толук өткөрүп берген.

Президенттик башкарууга кайтуу

2021-жылдагы референдумда Кыргызстандын калкы президенттик башкарууга кайтууну колдоп, натыйжада баш мыйзам өзгөртүлдү.

Тажикстандын кол салуусу

2021-жылдын апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасында катталган кандуу окуяда Кыргызстандан 36 киши каза болуп, 154ү жараат алган. Анда Тажикстан тарап кыргыз айылдарын миномет менен аткылап, натыйжада бир канча айылда үйлөр өрттөлгөн. Лейлек районундагы Максат айылы дээрлик толугу менен өрттөлгөн.

Токио Олимпиадасындагы ийгиликтер

2021-жылдын августунда өткөн “Токио-2020” Олимпиадасында кыргызстандык балбандар ийгилик жаратып, Грек-рим күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов күмүш медаль тагынса, Мээрим Жуманазар кызы коло медаль тагынган.

Темир жолдун салынышы

2022-жылы, 31-мартта Кыргызстан биринчи жолу өз күчү менен темир жол сала баштады. 2030-жылга чейин толук бүткөрүлүшү пландалып жаткан «Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече» темир жолунун жалпы узундугу 186 километрди түзөт. Алгачкы этабында узундугу 63 километр болгон «Балыкчы — Кочкор» темир жолу салынат.

Тажикстандын Баткенге экинчи ирет кол салуусу

Тажикстандын Кыргызстанга экинчи ирет кол салуусу 2022-жылы болду. 14-17-сентябрь күндөрү болуп өткөн кол салуудан кыргыз тараптан 48 аскер кызматкери, 15 жай тургун набыт болду. Анда чек арага жакын айылдарда жалпы 661 үй жабыркап, 423ү кайрадан курууга, 238и оңдоп-түзөөгө муктаж болгон. Капчыгай, Аксай, Максат айылдары кайрадан калыбына келтирилди.

7 миллионго жетүү

Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 2022-жылдын 19-октябрга караган түнү, саат 2:10до төрөлгөн. Анын ысымын президент Садыр Жапаров Жакшылык деп койгон. Өлкө калкынын саны жети жылда 1 миллионго көбөйдү. Кыргызстан учурда калкынын санынын өсүшү боюнча Борбор Азияда экинчи орунда турат.

Кыргыз-өзбек чек ара келишими

Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Кемпир-Абад суу сактагычы 2022-жылы коңшу Өзбекстан менен чек араны тактоодо 19 миң гектар жерге алмашылтырылды. 2022-жылы, 17-ноябрда Жогорку Кеңеш чек араны тактоо жөнүндөгү документти ратификациялоодо 10 мүнөттүн ичинде 3 окуудан өткөрүп колдоп берген. Анын берилишине каршы пикир билдирип чыккан саясатчы, активисттер жапырт кармалып, учурда алардын дагы алтоосу абакта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM