Биз менен байланышыңыз

Көк-Бөрү боюнча президенттин кубогу быйыл Ошто өтөт

Кыска кабар , Спорт | 5 Авг 2023 | 904 | 0

Быйыл эгемендик күнүнө карата өтө турган көкбөрү боюнча президенттин кубогу Ош облусунда өтөт. Мелдеш 24-августта башталып, финалдык беттеш 31-августта өтөт.

Бул тууралуу, 4-августта Көкбөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев маалымат жыйында билдирди.
Ага канча команда катышары Ысык-Көлдө өтө турган клубдар аралык кубоктон кийин белгилүү болот. Бул мелдеш 13-августта башталып, 20-августта аяктайт.

Дүйнө кубогуна Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Түркия жана АКШдан клубдар катышат.

Эгемендик күнүнө арналган көкбөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогун былтыр Ош облусунун “Алай” командасы алган. Мелдеш Нарындын Эмгекчил айылында өткөн

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM