Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде экинчиге көтөрүлдү

Кыска кабар , Спорт | 19 Июл 2023 | 542 | 0

Кыргызстандык балбан, кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнөнүн бир канча жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга көтөрүлдү.

Жаңыланган көрсөткүч Венгриядагы рейтингдик турнирдин жыйынтыгы боюнча түзүлдү.

Тыныбекова Венгриянын Будапешт шаарында 13-16-июлда өткөн рейтингдик турнирде алтын уткан. Бул жыйынтык Кыргызстанга 8 миң упай алып келди.

Азыр Тыныбекованын активинде 66075 упай бар жана 3-орундан 2-орунга көтөрүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM