Биз менен байланышыңыз

Венгрия: Тыныбекова алтын медаль менен кошо акчалай сыйлык алды

Кыска кабар , Спорт | 18 Июл 2023 | 2038 | 0

Кыргызстандык балбан, кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнөнүн бир канча жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова Венгрияда алтын медаль менен бирге акчалай сыйлык алды.

Ал Венгриянын Будапешт шаарында 13-16-июлда өткөн рейтингдик турнирде алтын уткан.

Бул 2023- жылдын эсебинен рейтинг аныкталган 4-турнир болду. 62 кг салмакка чейинкилер арасында 5 ирет жеңишке жеткен Айсулуу Тыныбекова жыйынтыгында 1-орунга татыды.

Бул жеңиш үчүн ага алтын медаль жана акчалай сыйлык катары 1500 швейцар франкы (болжол менен 140 миң сом) ыйгарылды.

Copyright © 2017 Maral FM