Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандыктар белбоо күрөшү боюнча 13 медаль утту

Кыска кабар , Спорт | 17 Июл 2023 | 531 | 0

Кыргызстандын белбоо күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү Астана шаарында (Казакстан) өткөн дүйнө чемпионатында 13 медаль — 4 алтын, 1 күмүш, 8 коло утуп алды.

Белбоо күрөшүнүн кыз-келиндер арасында эркин түрү боюнча 76 кг салмак категориясында Айжан Анарбекова коло медаль утту.

Эркектер арасында эркин түрү боюнча 62 кг чейинки салмакта Толубай Шүкүров, 90 кг чейинки салмакта Бектуркан Кожомуратов жана 100 кг чейинки салмак категориясында Баястан Идирисов алтын медаль тагынышты.

Ал эми 82 кг чейинки салмакта Мадаминбек Шаршеналы күмүш медалга ээ болду.

Ошондой эле, 68 кг чейинки салмакта Мирлан Осмоналы уулу, 75 кг чейинки салмак категориясында Айболот Аманов, 90 кг чейинки салмакта Болотбек Туратов  жана +100 кг салмакта Бактияр Мирлан уулу күмүш медалга ээ болушту.

Эркектер арасында классикалык түрү боюнча +100 кг салмакта Бактияр Мирлан уулу алтын медаль тагынды.

Мындан тышкары, 57 кг чейинки салмакта Нурислам Алимбеков, 75 кг чейинки салмак категориясында Айболот Аманов жана 82 кг чейинки салмакта Манас Үсөнов коло медалга ээ болушту.

Мелдеш 14-16-июль күндөрү өтүп курама команда машыктыруучулар Тамчы Эсенбек уулу жана Нурбек Кожобековдун жетечилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM