Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионаты: Кыргызстандык балбандар бир алтын, 3 коло утту

Кыска кабар , Спорт | 16 Июл 2023 | 623 | 0

Кыргызстандын өспүрүмдөр арасындагы эркин күрөш боюнча курама командасы Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 4 медаль — бир алтын, 3 коло утуп алды.

41 кг чейинки салмак категориясында күрөшкөн Садырбек Кайыпбеков алтын медаль утту.

38 кг чейинки салмакта Калыбек Бактыбеков, 44 кг чейинки салмак категориясында Жакшылык Боробаев жана 57 кг чейинки салмакта Талгарбек Ашымов коло медаль тагынышты.

Курама команда машыктыруучу Азат Мирахимовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM