Биз менен байланышыңыз

Ленин округундагы кайра шайлоого талапкерлерди каттоо качан башталат? (расмий жооп)

Блог | 12 Июл 2023 | 552 | 0

№26 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленди. Боршайком 12-июлдагы жыйынында кайра шайлоону уюштуруу, календарлык план жана сарпталуучу каражаттарды карады. Эми алдыда кандай процесстер жүрөт жана үгүт иштери качан башталат? Суроолор боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкери Төлөгөн Айтикеев маалымат берди.

— БШКга Жогорку Кеңештин №26 Ленин округунан шайлоого катышууну каалаган талапкерлерди каттоо качан башталат?

— Жалпысынан №26 Ленин округуна кайра шайлоо өткөрүү процесстери үчтөн бирге кыскарат. Аталган округдагы шайлоочулардын тизмеси ушул жылдын 19-июлуна чейин аныкталып, www. tizme.gov.kg сайтына жарыяланат. Ал эми шайлоо участкаларына шайлоочулардын тизмеси 25-июлга чейин илинет. Шайлоочулар өздөрүн 30-августка чейин тизмеден тактап алса болот. Талапкерлерди каттоо жана көрсөтүү процесси 10-августка чейин жүрөт. Ал эми 21-августта депутаттыкка талапкерлерди катоо мөөнөтү аяктайт. 24-августка чейин шайлоо бюллетендеринин тексти бекитилип, талапкерлердин аттары жазылат. 5-сентябрга чейин мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдоо жүргүзүлөт.

—Шайлоого карата үгүт иштери качан башталат? 

— 21-августта каттоо аяктап, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү башталат. Бул добуш берүүгө 24 саат калганча, тагыраагы, 9-сентябрь эртең мененки 8:00гө чейин уланат. 9-сентябрда добуш берүү тилкелерине бара албагандар үчүн көчмө добушканалар уюштурулат. 10-сентбярда шайлоо өтөт.

—Бул жолку шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтүп жатат, буга чейин талапкерлер күрөө коюп келишкен. Учурда күрөөнүн суммасы канча? 

— Талапкерлер кайсы учурда, кандай шартта болсо да, каттоо үчүн 100 миң сом өлчөмүндө күрөө коюшат.

— Шайлоонун жыйынтыгы качан чыгат? 

— Шайлоонун  рамсмий жыйынтыгы 24-сентябрга чейин чыгат.

— Маегиңиз үчүн ырахмат!

Борбордук шайлоо комиссиясы 16-июнда Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Буга алдыңкы орун алган эки талапкердин добуштары мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылганы негиз болгон. Шайлоого 49 талапкер катышуу ниетин билдирип, аягында 29 талапкер ат салышкан. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө жалпы 17 423 шайлоочу катышып, шайлоочулардын жалпы санынын 13.95%ын түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM