Connect with us

Энергетикалык суусундуктарды жарнама кылууга тыюу салынды

Кыска кабар | 12 Июл 2023 | 556 | 0

Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды жарнама кылууга тыюу салынды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, 3-июлда президент «Жарнама жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Бул мыйзам менен энергетикалык суусундуктарды жарнама кылууга тыюу киргизилүүдө.

Энергетикалык суусундуктар стимуляторлорду камтыган суу, кант, кофеин, минералдар, витаминдер жана гуарана, таурин, женьшень сыяктуу окшош курамдан турган суусундуктун түрү.

Алардын ден соолукка коркунучу, негизинен курамында кант жана кофеиндин көптүгүнө байланыштуу. Энергетикалык суусундуктардын айрым түрлөрүнүн бир порциясында 100 мг кофеин камтылган, бул кадимки порциядан (12 мг) 8 эсе көп. Мындай суусундукту ичүүдө кандын кантынын жана артериалдык басымдын жогорулашына алып келет, өзгөчө жашы жете элек өспүрүмдөргө кооптуу.

Бул суусундуктарды ичүүнү адатка айлантса, жүрөктүн функциясы бузулат. Жүрөктүн согуу ыргагына терс таасир берет. Убакыттын өтүшү менен жүрөк чоңоюп кетиши мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM