Биз менен байланышыңыз

30 мамлекет катышкан сынакта I орунду алган визажист Аида

Блог | 12 Июл 2023 | 1026 | 0

Москвада өткөн эл аралык сынакта кыргызстандык визажист Аида Курсанова биринчи орунду багындырды. Сынак каш жасалгалоо (перманенттик макияж) боюнча уюштурулуп, жалпысынан 30 мамлекеттен чеберлер катышкан.

Аида Курсанова Кадамжай районунун Айдаркен шаарында туулган. Учурда Москвада сулуулук салонун иштетет. Сулуулук тармагында эмнелер тренд болуп жатат? Чет жакта сулуулук салонунун иштетүү канчалык оор же жеңил? Ушул өңдүү суроолорго жооп алуу үчүн визажист Аида Курсанова менен маек курдук.

Сулуулук сынактарына катышуунун пайдасы көп

Бул тармакта 2017-жылдан бери жүрөм. Алгач чачтарач курсун аяктап, иштеп көрүп, бирок ал кесип меники эмес экенин түшүндүм. Андан кийин перманент тармагына аралаша баштадым. Бул жактан өзүмдү таптым десем болот. Себеби жумушумду сүйөм. Сынактарга катышуу бийиктиктерге жол ачып берет. Ошондой эле «жыргал жашоодон» чыгарат. Өзүмө, кардарларыма мыкты экенимди далилдөөгө жардам берет. Аны менен катар чоң ийгиликтерге кадам ташталып, өзүңө болгон ишеним көбөйөт. Жалпысынан, мындай сынактарга катышуунун жакшы жактары көп. Башкаларды да катышып, күчүн, талантын, билимин сынап көрүүгө чакырам.

Перманенттик макияж айымдардын убактысын үнөмдөөгө жардам берет

Бүгүнкү күндө сулуулук тармагында каш, көз, оозго перманенттик макияж жасоо тренд болуп кетти десек болот. Себеби азыр баарынын жумушу бар. Айымдардын көпчүлүгү убактысын үнөмдөп, жумушуна көбүрөөк көңүл бөлүү үчүн перманенттик макияж жасатышат. Эртең менен туруп, бетти жууп эле ишке жөнөсө болот. Ар бир аялзаты сулуу болгусу келет. Ал эми перманент жасатпаса, таңкы убактысы жок дегенде жарым саат макияж жасоого кетет. Бул мүнөт-сааттарды башка жумуштарга жумшаса болот. Учурда сулуулук чөйрөсүндө перманенттик макияж жана косметологдордун кызматы тренд болуп жатат.

Учурда табигый сулуулук жоголуп баратат

«Бүгүнкү күндө кыздардын баары бири-бирине окшош» деген сөзгө кошулам. Бир чети бул да жакшы деген ойдомун. Себеби өзүн карап, өзүн сүйгөн кыздар аябай көбөйдү. Ал нерсеге кубансак болот. Аялзаты бою-башын канчалык жакшы карап жүрсө, өзүн ошончолук сыйлап, өзүнө болгон ишеними көбөйөт. Бул да бактылуулук тартуулайт. Экинчи жактан табигый сулуулук чынында эле жоголуп бараткансыйт. Себеби көпчүлүк кыздардын оозу, кашы жасалган. Бири-биринен айырмаланып туруу үчүн биринчи кезекте косметика, перманенттик макияжды чектен чыгарбай колдонуп, жеңил боёнуу керек. Бою-башын жакшы карап жүргөн кыздар көп. Интернеттен кантип туура боёнуу керектигин үйрөнүп жатышат. Баарын өз өлчөмүндө колдонгон дурус.

Сулуулук бизнесинин кыздар үчүн артыкчылыктары көп

Москвада эле эмес, башка чет өлкөлөрдө да салон ачып, ирденип кеткен кыздар аябай көп. Мисалы, Москваны эле алсак, ар бир райондогу сулуук салонунда жок дегенде эки кыргыз кыз иштейт. Бул мени аябай кубандырат. Дубайда, Америкада да өзүнүн сулуулук салонун ачкандар бар. Кыргыз болгонума аябай сыймыктанам. Ар бир ишкерге ийгилик каалайм. Биздин салондорго келген кардарлардын көбү — кыргыздар. Муну менен катар орусиялык кыздар да биздин тейлөөнү жакшы көрүп, колдонушат. Кээ бир жергиликтүү кардарлар: «Кыргыздар, силер, кылдат, берилип жасайсыңар», — дешет. «Жоопкерчилик да чоң», — деп айтышат. Мындан сырткары баасы да арзаныраак. Сапатын да макташат.

Бул бизнестин кыздар үчүн артыкчылыктары көп. Ал аркылуу кыздар кыска убакытта ийгиликке жетише алат. Азыр сулуулук тармагы аябай өнүккөн учур. Биз — болочок жар, келин, энебиз. Келечекте турмушка чыгып, үйдө отуруп калсак да, иштей берсек болот. Таза жумуш. Иштөө графиги да ыңгайлуу. Жумуштан сырткаркы иштериңди да бүтүрө бересиң. Бир эле убакта баарына жетишсең болот.

Сулуулук салон ачууну каалаган кыздарга кеңеш

Сулуулук салон ачам деген кыздарга кеңешим: кардарсыз ачуу — чоң ката. Ири чыгашага алып келиши мүмкүн. Себеби салондун оңдоп-түзөө иштерине, кызматкерлерди алууга каражат кетет. Кардар жок болсо да, кызматкерлерге акча төлөп берүү керек. Күнүмдүк керектелүүчү нерселерди да эске алуу керек. Анан да салонду көрүнүктүү жерлерде ачуу керек. Локацияны да туура тандоо маанилүү. Аны менен катар салон ачкан адам татыктуу билимге ээ болушу керек. Бул тармакты түшүнүшү зарыл. Бир үйрөнгөн боюнча токтоп калбай, алган билимин улам тереңдетип, жогорулатып турушу керек. Айтор, ишкерлик кылууда эске ала турган нерселер өтө көп.

Башында үйдөн иштечүмүн. Кардарлар бири-биринен көрүп, угуп жатып эле топтолуп калат экен. Жеңишке жетишиме мугалимим Элиза Токтополотова аябай чоң салым кошту. Төрт ай бою чарчабай, бизди даярдап окутту. Андан окугандардын ар бири жогорку орундарды алды. Ушундай күчтүү, өзүн ишин мыкты билген эжелерибиз бар экенине сыймыктанам.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM